КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-августундагы № 137/30-8
“Кара-Көл шаарынын аймагында муниципалдык социалдык заказ боюнча 2023-жылга программасын бекитүү жөнүндө”
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Г.О.Сатарованын Кара-Көл шаарынын аймагында муниципалдык социалдык заказ боюнча 2023-жылга программасын бекитип берүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын аймагында муниципалдык социалдык заказ боюнча 2023-жылга программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (С.М.Тельтаева) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.А.Шаменова) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 22.08.2023-жылдагы ХХХ сессиясынын №137/30-8 сандуу токтому менен бекитилген |
Кара-Көл шаарынын аймагында
муниципалдык социалдык заказ боюнча
2023-жылга программасы
Киришүү:
2023-жылдын 1-январына карата шаар калкынын жалпы саны 27202 адам, анын ичинен эркектер 13489 же 48,8% ал эми аялдар 13713 же 51,2%ын түзүшөт. Калктын 96,3% кыргыз улутундагылар, 2,1% орус улутундагылар, өзбек улутундагылар 0,52%, ал эми калганын 17 этностун өкүлдөрү түзөт. Жаш курагы боюнча алганда жалпы калктын 11551 адамын, же болбосо 42%ын 18 жашка чейинки балдар, анын ичинде 14 жашка чейинкилер 9495 бала же калктын 34,5%ын түзөт, 6290 адамын же 22,2% ын 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар, ал эми 28 жаштан жогоркулар 11860 же 43,3% ды түзөт.
2023-жылга муниципалдык социалдык тапшырык программасы “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын 28.04.2017-ж №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамга таянып, жаштардан сурамжылоо жана добуш берүү аркылуу жүргүзүлгөн.
Программа жаштар арасында көйгөйлүү деп саналган жана максаттарга жетишүү максатында коомдук пайдалуу долбоорлорду муниципалдык каржылоо түрүндө ишке ашыруу каралган.
Муниципалдык социалдык заказ - жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми.
Жаштар арасында көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн шаардык мэриянын 20.02.2023-ж №32 буйругу менен жаштардын демилгеси менен даярдалган социалдык долбоорлорду тандоо процедураларын жүргүзүү боюнча жумушчу топко милдеттер коюлган. Жумушчу топтун катышуусу менен 2023-жылдын 11-майда мэриянын кичи залында жаштар көтөрүп чыккан көйгөйлүү маселелер аныкталып, жаштардын добуш берүүсү менен артыкчылыктуу маселелер аныкталган.
Көйгөйлөрдүн сүрөттөлүшү:
Кара-Көл шаарында 6 жалпы билим берүүчү, 5 мектепке чейинки билим берүү мекемелер, жогорку, орто жана кесиптик окуу жайлар орун алган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 1116 бала, жалпы билим берүүчү мекемелерде 5242 окуучу тарбияланат жана 300дөн ашуун студенттер билим алышат.
Ал эми статистикалык көрсөткүчтөргө таянсак 14 жашка чейинки балдар 9495 -34,5%, 28 жаштан жогору чондор 8475 -33%, 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар 6105 - 22,2 % түзөт 2 жаштан 6 жашка чейин жалпы 3128 бала, алардын балдар бакчасы менен камсыздалышы 1076 бала же 34,4% түзөт.
Жогоруда жазылгандай шаардын калкынын негизги бөлүгүн же болбосо 56,7% жаштар жана 14 жашка чейинки балдар түзөт. Экологияны сактоодо, шаарды тазалыкта күтүүдө, коомдук иш-чараларга ата-энелер пассивдүү катышып, желим бөтөлкөнү жана баштыкты, кагазды, айнекти бөлүп чогултууда балдарга үлгү болбой, жалпы эле таштандыга кошуп коюшат. Андыктан калкты, ар бир үй бүлөнү тиричилик калдыктарын б.а кагазды, пластикти, айнекти бөлүп чогултууга үйрөтүш керек. Тиричилик калдыктарынын кайра иштетсе боло тургандарын (кагаз, пластик, айнек) туура пайдалануу менен экологияга, экономикага пайда келтирүүгө болот.
Коомдук пайдалуу долбоордун сүрөттөлүшү:
Тиричилик калдыктарын мектептерде бөлүп чогултуу практикасы бар. Окуучулар кагаз калдыктарын ишкерлерге тапшырып, андан түшкөн каражатты мектептин ички керектөөлөрүнө, иш чараларды өткөрүүгө пайдаланышат. Ошондой эле пластикалык бөтөлкөлөрдөн ар кандай кол эмгегин жасап да келишет. Пластиктерди, кагаздарды, айнектерди бөлүп чогултуу менен ар бир адамдын экологияга оң таасир эте ала тургандыгы жөнүндө ар бир көчөгө, кварталга “Үгүт бригадасы” аркылуу маалымдап, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.
Программаны ишке ашыруу механизмдери
Муниципалдык социалдык заказды ишке ашырууда, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун негизги пункту аткарылат жана Кыргыз Республикасынын 28.04.2017-ж №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамына таянып иш жүргүзүлөт.
Социалдык көйгөйлүү маселелерди чечүү жана программанын коомдук пайдалуу максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик социалдык заказдын мыйзамда көрсөтүлгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо түрү колдонулат.
Шаардык мэрия, шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жана атайын түзүлгөн жумушчу топ, мындан ары дагы социалдык долбоорлор боюнча бейөкмөт уюмдарга конкурс өткөрүү, конкурска катышкан бейөкмөт уюмдардын долбоорлору менен таанышып, пайдалуу жагын аныктоо жана баалоо менен программанын эффективдүү ишке ашырылышы, муниципалдык социалдык тапшырыкты ишке ашырып жаткан бейөкмөт уюмдан келишимдин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча өз убагында отчетторду алуу боюнча жумуштарды жүргүзөт.
Маалымат берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчу топ менен жооптуу структуралык бөлүмдөр тарабынан аныкталып, техникалык тапшырмага жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлүүчү келишимдерге киргизилет.
№ | Социалдык көйгөйдүн аталышы | Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулар (топтор) | Камтылган көчөлөр | Ишке ашыруу мөөнөтү | МСЗнын форма-лары | Жергиликтүү бюджет, | Күтүлгөн жыйынтыктар | Индикаторлор | |
суммас, сом менен | |||||||||
|
| ||||||||
1 | Шаар аймагында тиричилик калдыктары бөлүп чогултулбай, желим бөтөлкөлөр, баштыктар экологияны бузуп жатат. Малдар желим баштыктарды таштандыдан жеп, ден соолуктары бузулуп жатат. | 10 жаштан жогорку шаар тургундары | Шаардын негизги көчөлөрү | 2023-2024ж. | Коомдук пайдалуу долбоор-лор аркылуу ишке ашыруу | Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинен 300 000 (үч жүз миң) сом (ЖӨБ жөнүндө КР Мыйзамы 27-беренеси 11,19 пункттары) | Ар бир үй-бүлө пластик бөтөлкөлөрдү, желим баштыктарды, кагазды, айнекти бөлүп чогултуп, өзүнчө урнага таштаганга үйрөнөт, шаардын тазалыгы сакталат. | Шаардын көчөлөрү желим бөтөлкөлөрдөн, баштыктардан тазаланат, жаштар тарабынан тазалыкка көнүл бурулат. |
Жооптуу |
| К.И.Нурматова |