Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 37-1
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Коргошун-Тала бөлүмүндө жайгашкан атуул Сулайманов Абдулваси Эргашевичтин жашап жаткан турак жайынын жана жеринин мыйзам талаптарынын негизинде менчигине бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун-талаа бөлүмүндө, 1994жылдын 30-сентябрындагы ½ токтмунун негизинде турак жай куруу үчүн 1891 ч.м. жер участкаын алып, аталган жерде турак жай куруп жашап жатамын, ушул турак жайымды мыйзамдаштырып алайын деп токтомдорун архивден издеп табалбай койдум, ушул турак жайымды иш кагаздарын жөнгө салуу үчүн турак жайымды токтомун даярдап берилишине көмөк берүүнү суранып атуул Сулайманов Абдулвоси айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган.
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия тарабынан жогорудагы маселе боюнча териштирилип такталганда, аталган жер участкасы боюнча 2001-2002-жылдары системалык каттоо убагында жер участкасынын аянты 1891 ч.м. экендиги аныкталып, -5-05-14-1001-3369 сан менен код берилген, бирок белгисиз себептерден токтом чыкпай калган. Ноокат райондук мамлекеттик архивинан атайын кат менен маалымат суралганда да, 2020-жылдын 23-сентябрындагы №2908/2 сандуу катында токтом архивге келбегендиги аныкталды.
Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №01-8/5-0514/197 сандуу корутундусу боюнча, суралган жер участкасы №2264 контурда , азыркы күндө калктуу конушта жайгашкандыгы белгиленген.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы,кезектеги XXXVI сессиясы жогорудагы абалды мыйзмдуу турдо жөнгө салуу үчүн Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №01-8/5-0514/197 сандуу корутундусун, . Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 23-сентябрындагы №2908/2 сандуу катын, Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 20-декабрындагы №* протоколунун, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 13-беренесинин 1-пункутун, 32-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Жарандык кодекси»-нин №265 беренесинин талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №01-8/5-0514/197 сандуу корутундусун, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 23-сентябрындагы №2908/2 сандуу катын, Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 20-декабрындагы протоколунун, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 13-беренесинин 1-пункутун, 32-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Жарандык кодекси»-нин №265 беренесинин талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын «Коргошун-Талаа» бөлүмүнүн «С.Маматхалилов-1» көчөсүнүн №22 турак жай адреси боюнча жайгашкан, 5-05-14-1001-3369 идентификациялык код берилген, аянты 1891ч.м. болгон турак жай атуул Сулайманов Абдулвасинин менчигине бекитип берилсин.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |