Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-ноябры № 723-т
1. 2005-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кош салык салууга жол бербөө ошондой эле кирешеден жана мүлктөн алынуучу салыкты төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине принциптүү эмес мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан аталган Протоколдун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
2005-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кош салык салууга жол бербөө ошондой эле кирешеден жана мүлктөн алынуучу салыкты төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасы,
2005-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кош салык салууга жол бербөө ошондой эле кирешеден жана мүлктөн алынуучу салыкты төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана ушундай жол менен эки тараптуу экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү жана салыктардын иштиктүү жана туура алынышын камсыз кылуу үчүн салыктар жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасы
салыктарды төлөөдөн качуу же баш тартуу (анын ичинде ушул Макулдашууда каралган жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды үчүнчү юрисдикциялардын резиденттери тарабынан кыйыр түрдө алуу максатында схемаларды колдонуу жолу менен) аркылуу салык салбоо же төмөндөтүлгөн салык салуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзбөстөн, ушул Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата кош салык салууну жоюу максатында,
эки тараптуу экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү, салык иштери жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү жана салыктардын иштиктүү жана туура салынышын камсыз кылууну каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:".
2-берене.
Макулдашуунун 3-статьясынын 1-бөлүгүнүн (i) пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"bb) Кыргыз Республикасына карата колдонгондо: Экономика жана коммерция министрлигин жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлүн билдирет.".
3-берене.
Макулдашуунун 26-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья Маалымат алмашуу
1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн же Макулдашкан Мамлекеттин, анын жерлеринин биринин же алардын администрациялык-аймактык түзүлүштөрүнүн биринин атынан салынуучу ар кандай түрдөгү же аталыштагы салыктарга карата улуттук мыйзамдарды башкаруу же ишке ашыруу үчүн олуттуу деп болжолдонгон маалымат менен бул мыйзамдар боюнча салык салуу ушул Макулдашууга карама-каршы келбеген даражада алмашат. Маалымат алмашуу ушул Макулдашуунун 1 жана 2-статьяларынын жоболору менен чектелбейт.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык Макулдашкан Мамлекет тарабынан алынган ар кандай маалымат ошол Мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагында алынган маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат деп эсептелүүгө тийиш жана салыктарды эсептөө же чогултуу, ушул статьянын 1-пунктунда эскертилген салыктарга карата мажбурлап өндүрүп алуу же жазыктык куугунтукка алуу, апелляцияларды кароо же болбосо мындай ишти көзөмөлдөө менен алектенген адамдарга же органдарга (анын ичинде сотторго жана административдик органдарга) гана билдирилет. Мындай адамдар же органдар маалыматты көрсөтүлгөн максаттарда гана колдоно алат. Көрсөтүлгөн максаттарда маалымат административдик же жазык иштери боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө, ачык соттук заседаниенин жүрүшүндө же эгерде Макулдашкан Мамлекеттердин тиешелүү мыйзамдарында каралса, соттук чечимдерди кабыл алууда ачыкка чыгарылышы мүмкүн. Мурдагы жоболорго карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин бири тарабынан алынган маалымат эгерде эки Мамлекеттин тең мыйзамдарына ылайык ушул башка максаттарда пайдаланылышы мүмкүн болсо жана эгерде өткөрүп берүүчү Мамлекеттин компетенттүү органы мындай пайдаланууга өзүнүн макулдугун билдирсе, ал башка максаттарда пайдаланылышы мүмкүн.
3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболору эч качан Макулдашкан Мамлекетти төмөнкүлөргө карата милдеттендирүүчү катары чечмеленбөөгө тийиш:
a) ушул же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына же административдик практикасына карама-каршы келген административдик чараларды көрүү;
b) ушул же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына же административдик практикасына ылайык алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүү;
c) кандайдыр бир өнөр жайлык, коммерциялык, ишкердик, соода же кесиптик сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгарган маалыматты же маалыматтын ачыкка чыгарылышы мамлекеттик саясатка (odre public) карама-каршы келген маалыматты берүү.
4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул статьянын жоболоруна ылайык маалымат сураса, экинчи Макулдашкан Мамлекет эгерде башка Мамлекет өзүнүн жеке салыктык максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо да, суралган маалыматты алуу үчүн өзүнүн тескөөсүндө болгон чараларды көрөт. Биринчи сүйлөмдө каралган милдеттенме ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген чектөөлөргө тийиштүү, бирок бул чектөөлөр эч качан Макулдашкан Мамлекетке анын мындай маалыматка ички кызыкчылыгы болбогондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берүүчү катары чечмеленбөөгө тийиш.
5. Ушул статьянын 3-пунктунун жоболору мындай маалыматка банк, башка финансылык уюм, номиналдык кармоочу, агент катары иш алып барган жак же ишенимдүү башкаруучу ээ болгондуктан же мындай маалымат кандайдыр бир жакка карата колдонулуучу үлүштүк мүлктүк кызыкчылыктарга тиешелүү болгондуктан гана Макулдашкан Мамлекетке маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берүүчү катары чечмеленбөөгө тийиш.".
4-берене.
Макулдашуунун 28-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Тиркелген Протокол ушул Макулдашуунун курамдык бөлүгү болуп саналат.".
5-берене.
1. Макулдашууга карата Протоколдун 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "с" пунктчасы менен толукталсын:
"с) ушул Макулдашуунун жоболоруна карабастан, эгерде бардык аныктоочу фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен мындай жеңилдикти алуу мындай жеңилдикти берүүгө түздөн-түз же кыйыр түрдө алып келген чарбалык операцияны тариздөөнүн башкы максаттарынын бири болуп саналат деп болжолдоого мүмкүн болсо, эгерде мындай жеңилдикти берүү мындай жагдайларда ушул Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун максаттарына шайкеш келээри далилденбесе, ушул Макулдашууга ылайык жеңилдиктер белгилүү бир кирешелерге же мүлктүк баалуулуктарга карата берилбейт.".
2. Макулдашууга карата Протоколдун 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. 26-статьяга карата
Эгерде 26-статьяга ылайык жеке маалыматтар менен алмашуу жүргүзүлсө, анда төмөнкүдөй кошумча жоболор колдонулат. Ушул Макулдашуунун маанисинде идентификацияланган же идентификациялануучу жеке жакка (мындан ары "жеке маалыматтардын субъекти" деп аталуучу) тиешелүү бардык маалыматтар жеке маалыматтар болуп саналат;
a) эгерде жеке маалыматтарга карата колдонулуучу улуттук мыйзамдарда өткөрүп берүүгө тыюу салынса же эгерде өткөрүп берүү жеке маалыматтардын субъектинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат деп болжолдоо үчүн негиздер болсо, өткөрүп берүүчү мекеме жеке маалыматтарды берүүгө милдеттүү эмес;
b) өткөрүп берүүчү мекеме берилип жаткан жеке маалыматтардын аныктыгына көз салууга милдеттүү. Эгерде өткөрүп берүүчү мекеме туура эмес жеке маалыматтарды же берилүүгө тийиш болбогон жеке маалыматтарды берген болсо, анда ал бул жөнүндө кабыл алуучу мекемеге токтоосуз билдирет;
c) эгерде өткөрүп берүүчү мекемеге карата колдонулуучу улуттук мыйзамдарда өткөрүлүп берилген жеке маалыматтарга карата атайын жок кылуу мөөнөттөрү же андан ары сактоонун зарылдыгын текшерүү боюнча мөөнөттөр каралса, өткөрүп берүүчү мекеме аны кабыл алуучу мекемеге көрсөтөт;
d) өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу мекемелер жеке маалыматтарды берүүнү жана алууну документте каттоого милдеттүү;
e) кабыл алуучу мекеме жеке маалыматтарды ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн максаттарда гана жана өткөрүп берүүчү мекеме аныктаган шарттарды сактоо менен пайдалана алат;
f) алдын ала макулдуксуз жеке маалыматтарды Макулдашуунун 26-статьясынын 2-пунктунун 4-сүйлөмүнүн маанисинде башка максаттарда пайдаланууга мындай пайдалануу конкреттүү учурда адам өмүрүнө, физикалык кол тийбестигине же жеке эркиндигине болгон түздөн-түз коркунучту болтурбоо үчүн же болбосо олуттуу мүлктүк баалуулуктар үчүн зарыл болгон учурларда жана кийинкиге калтырууга болбогон учурларда гана жол берилет.
Бул учурда компетенттүү органга андан ары максатты өзгөртүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен дароо кайрылуу керек. Уруксат берүүдөн баш тартылган учурда жеке маалыматтарды андан ары башка максаттарда колдонууга жол берилбейт.
Кабыл алуучу мекеме жана кабыл алуучу мекемеден жеке маалыматтарды башка максаттар үчүн алган кабыл алуучу мекеменин Макулдашкан Мамлекетке таандык болгон бардык мекемелери бул жеке маалыматтарды токтоосуз жок кылууга милдеттүү.
Бирок бул талап жеке маалыматтар өткөрүп берүүчү мекеме тарабынан алгач ушул Макулдашууда аталган максаттарда өткөрүп берилген максаттар үчүн мындан ары зарыл болуп саналган учурда жана ага чейин жараксыз;
g) кабыл алуучу мекемеге алган жеке маалыматтарды башка мамлекетке же эл аралык уюмга өткөрүп берүүгө бул маалыматтарды алгач берген мекеменин алдын ала макулдугу менен гана уруксат берилет. Жеке маалыматтарды алгач өткөрүп берген мекеме кабыл алуучу мекеме андан ары өткөрүп берүүнүн алкагында эске алууга тийиш болгон шарттарды аныктай алат;
h) кабыл алуучу мекеме туура эмес жеке маалыматтарды токтоосуз оңдоого милдеттүү. Макулдашкан Мамлекеттер жеке маалыматтардын субъекти өзүнө тиешелүү жеке маалыматтар туура эмес болгон учурда, кабыл алуучу мекемеден аларды дароо оңдоону талап кыла алышын камсыздайт;
i) кабыл алуучу мекеме алынган жеке маалыматтарды төмөнкү учурларда токтоосуз жок кылууга тийиш, эгерде:
аа) алар өткөрүлүп берилген максаттар үчүн мындан ары талап кылынбаса;
bb) алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш болбосо жана өткөрүп берүүчү мекеме бул тууралуу кабыл алуучу мекемеге билдирсе, же;
сс) алар туура эмес болсо жана кабыл алуучу мекеме аларды ушул статьянын h пунктунун биринчи сүйлөмүнө ылайык дароо оңдобосо.
Ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө көрсөтүлгөн шарттардын бири орун алган учурда Макулдашкан Мамлекеттер жеке маалыматтардын субъекти кабыл алуучу мекемеден ага тиешелүү жеке маалыматтарды дароо жок кылууну талап кыла алышын камсыздайт. Эгерде маалыматтарды иштеп чыгуу мамлекеттик кызыкчылыкты билдирген тапшырманы аткаруу максатында же мыйзамдуу талаптарды коюу максатында кабыл алуучу мекеме аткарууга тийиш болгон укуктук милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болсо, маалыматтар жок кылынбайт;
j) кабыл алуучу мекеме алынган жеке маалыматтарды кокустан жоготуудан, кокустан жана мыйзамсыз жок кылуудан жана өзгөртүүдөн, ошондой эле мыйзамсыз ачыкка чыгаруудан жана башка мыйзамга ылайыксыз иштетүүдөн коргоого милдеттүү;
k) алынган жеке маалыматтарды коргоо бузулган учурда, кабыл алуучу мекеме зыянды чектөө боюнча тийиштүү чараларды токтоосуз түрдө көрөт. Эгерде анын кесепетинен коомдук же улуттук коопсуздукка коркунуч келтирилбесе, ал өткөрүп берүүчү мекемеге бул тууралуу билдирет;
l) кабыл алуучу мекеме жеке маалыматтардын субъектине келип түшкөн жеке маалыматтар тууралуу маалымдайт. Маалымдоо милдеттенмеси ушул статьянын h пунктунун экинчи сүйлөмүнүн, i пунктунун экинчи сүйлөмүнүн жана m пунктунун жоболоруна ылайык иштелип жаткан жеке маалыматтардын категорияларына, иштеп чыгуунун максаттарына, ошондой эле жеке маалыматтардын субъектинин укуктарына карата жайылтылат. Биринчи жана экинчи сүйлөмдөрдүн жоболорунан четтеп, маалымдоо милдеттенмеси төмөнкү учурларда аткарылбайт:
аа) эгерде жеке маалыматтардын субъектинде бул маалымат эчак эле бар болсо;
bb) эгерде айрым учурларда маалымат берүү мүмкүн болбосо же шайкеш болбогон көп чыгымдарды талап кылса; же
сс) баалоонун натыйжасында билдирүүдөн баш тартууда мамлекеттик кызыкчылык жеке маалыматтардын субъектине билдирүү кызыкчылыгынан артыкчылыктуу экендиги аныкталган учурда жана ага чейин; бул, атап айтканда, маалыматты берүү иштеп чыгуунун максаттарына коркунуч жаратышы болжолдонгон учурларга тийиштүү;
m) Макулдашкан Мамлекеттер жеке маалыматтардын ар бир субъекти кабыл алуучу мекемеден өзүнө карата берилген, ушул статьянын h пунктунун экинчи сүйлөмүнүн жана i пунктунун экинчи сүйлөмүнүн жоболоруна ылайык иштелип жаткан маалыматтардын категориялары, аларды иштеп чыгуунун максаттары, ошондой эле өзүнүн укуктары жөнүндө маалыматтарды ала алышын камсыз кылат. Баалоонун натыйжасында маалыматтарды берүүдөн баш тартууда мамлекеттик кызыкчылык жеке маалыматтардын субъектинин маалыматтарды берүүдөгү кызыкчылыгынан артыкчылыктуу экендиги белгиленген учурда жана ага чейин маалыматтарды берүүдөн баш тартуу мүмкүн. Бул, атап айтканда, маалыматтарды берүү иштеп чыгуунун максаттарына коркунуч жаратышы болжолдонгон учурларга тиешелүү;
n) Макулдашкан Мамлекеттер кабыл алуучу мекеме же анын улуттук мыйзамдарына ылайык анын укук субъекти ушул Макулдашууга ылайык маалыматтарды өткөрүп берүүдөн улам мыйзамсыз зыян келтирилген жактын алдында жоопкерчилик тартышын камсыздайт. Кабыл алуучу мекеме жана анын укук субъекти коргонуу катарында зыян тарткан адамга карата зыян өткөрүп берүүчү мекеме тарабынан келтирилген деген жүйөнү келтире албайт;
о) Макулдашкан Мамлекеттер жеке маалыматтардын ар бир субъекти, адегенде аларга ылайык укуктук коргоонун административдик каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрү калбаган улуттук жоболорду кошпостон, жок дегенде төмөнкү учурларда соттук тартипте кайра кароого арыз бере алышын камсыздайт:
аа) ушул статьянын h пунктунун экинчи сүйлөмүнө ылайык маалыматтарды оңдоо укугу бузулганда;
bb) ушул статьянын i пунктунун экинчи сүйлөмүнө ылайык маалыматтарды жок кылуу укугунан баш тартылганда жана;
сс) ушул статьянын m пунктуна ылайык маалыматтарды берүү укугунан баш тартылганда.".
6-берене.
1. Ушул өзгөртүү жөнүндө Протокол ратификацияланууга тийиш; ратификациялоо грамоталары менен алмашуу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттөрдө өтөт.
2. Ушул өзгөртүү жөнүндө Протокол ратификациялоо грамоталары менен алмашуу күнү күчүнө кирет жана эки Макулдашкан Мамлекетте тең өзгөртүү жөнүндө Протокол күчүнө кирген календардык жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып колдонулат.
202___-жылдын "___" __________ ___________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, немис жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей. Кыргыз жана немис тексттерин чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Германия Федеративдүү Республикасы үчүн |