МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июнунун № 18-9-4
Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына бюджетин тактоо жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин 1-жарым жылдыктагы киреше бөлүгүн аткарылышы жөнүндө шаардык мэриянын маалыматын жана шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІX чакырылышынын XVIІІ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына тактоо 5023,0 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планына тактоо 2023,0 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
- ШБББ 261,3 миң сом;
- Шаардык Кенеш 50,0 миң сом;
- Горжилзеленстрой 100,0 миң сом;
- ММБ 586,7 миң сом;
- Горжилзеленстрой атайын каражаттары 1025,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
| Д.Токтогулов |
|
| Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын XVIІІ кезексиз сессиясынын № 18-9-4 токтомуна № 1-тиркеме |
|
| Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын XVIІІ кезексиз сессиясынын № 18-9-4 токтомуна № 2-тиркеме |