Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 37-2
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Барын жамаатынын мүлк үлүшүнүн эсебинен, атуул Абдихалилова Махаббатга жер участкасы ажыратып берүү жөнүндөгү протоколун бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылында жайгашкан, эски колхоздун айыл чарба техникаларынын гаражи болгон жерден «Позил Косимов» айыл чарба кооперативинен бөлүнүп чыккан «Чашма», «Алмазар», «Камбар-ата», «Алижан», «П.Косимов» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрүнө да мүлк үлүшү болуп берилген.
Жогорудагы дыйкан чарбанын мүчөөлөрү өз каалолору боюнча Барын айылынын тургуну болгон, материалдык жактан начар болгон Абдихалилова Махабаттын үй-бүлөөсүнө, өздөрүнүн мүлк үлүшү болгон гараждын ашканасы жайгашкан 108ч.м. жер аянты менен акысыз түрдө өткөрүп беришкен жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жылдын 19-апрелиндеги №3 токтому менен мүлк ээлерин жалпы жыйынын протоколун бекитип берген.
2011-жылынын ноябрында жогорудагы дыйкан чарбалардын мүчөөлөрү жалпы жыйындарын өткөрүшүп, Абдихалилова Махабаттын жесир аял, балдары инвалид экендигин жана жашап жаткан эски ашкананын орду 108ч.м. жер бир үй-бүлөөгө тар экендигин эсепке алышып, гумандуулук иретинде өздөрүнүн мүлк үлүшү болгон ушул эски айыл чарба гаражынын ашканасынын имараты жайгашкан навестан «Алмазар» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрү 2011-жылдын 10-ноябрында протоколунун негизинде-91,0ч.м. аянтын, «Алижон» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы жалпы жыйынынын протоколунун негизинде-79,0 ч.м. аянтын, «Камбар-ата» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү 2011-жылдын 9-ноябрындагы жалпы жыйынынын протоколунун негизинде-17ч.м. аянтын, «Чашма» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрүнүн 2011-жылдын 15-декабрындагы жалпы жыйынын протоколунун негизинде -119,5ч.м., «П.Косимов» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрү-36ч.м. жер аянтын кошумча иретте акысыз түрдө өтөкрүшүп беришкен жана ушул протоколдорду А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинен бекитип берүүнү суранышкан.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши «Барын» айылында жайгашкан, «Позил Косимов» айыл чарба кооперативинен бөлүнүп чыккан «Чашма», «Алмазар», «Камбар-ата», «Алижан», «П.Косимов» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүн жамаатынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын протоколдорун талкулап,карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 2гл. 4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл.1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын «Барын» айылында жайгашкан, «Позил Косимов» айыл чарба кооперативинен бөлүнүп чыккан «Чашма», «Алмазар», «Камбар-ата», «Алижан», «П.Косимов» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүн жамаатынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын протоколдору, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 2гл. 4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл. 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Барын айылында жайгашкан «Барын»жамаатына кирген, «Алмазар»дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн 2011-жылдын 10-ноябрында протоколунун негизинде-91,0ч.м. аянтын, «Алижон» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы жалпы жыйынынын протоколунун негизинде-79,0 ч.м.аянтын, «Камбар-ата»дыйкан чарбасынын мүчөлөрү 2011-жылдын 9-ноябрындагы жалпы жыйынынын протоколунун негизинде-17ч.м. аянтын, «Чашма» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн 2011-жылдын 15-декабрындагы жалпы жыйынын протоколунун негизинде -119,5ч.м., «П.Косимов» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү-36ч.м. жер аянтын кошумча иретте акысыз түрүндө атуул Абдихалилова Махаббаттын үй-бөлөөсүнө өтөкрүшүп беришкен жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин айыл, суу чарба,жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жылдын 19-апрелиндеги №3 токтому менен бекитилип берилген 108ч.м. жер аянты кошулуп, Барын айылынын «Тош-коргон» бөлүмүнөн, Барын жамаатына кирген дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн сунушун негизинде атуул Абдихалилова Махаббатга акысыз түрдө, 450,5ч.м.жер аянты турак жай куруу үчүн менчигине бекитип берилсин.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |