МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июнунун № 18-9-2
Майлуу-Суу шаарынын аймагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен өткөрүлүүчү социалдык обьекттердин оңдоо иштерин жүргүзүүдө техникалык көзөмөл өткөрүүгө 85 000 (сексен беш миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 13.06.2023 ж. чыг.№ 01-14-284 сандуу кайрылуу катын, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅠⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅤⅠⅠⅠ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице мэри Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2023-жылы үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен өткөрүлүүчү социалдык обьекттердин оңдоо иштерин жүргүзүүдө, техникалык көзөмөл өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 85 000 (сексен беш миң) сом акча каражатын 2023-жылдын ІІ-жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттин кошумча кирешенин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары | Д.Токтогулов |