МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июнунун № 18-9-1
Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферт катары бөлүнгөн 20 000 000 (жыйырма миллион) сом акча каражатын республикалык бюджетке кайтаруу жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 13.06.2023-жылындагы №01-13-14 сандуу кайрылуу катын, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅤІІІ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице мэринин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 21-т тескемесине ылайык республикалык бюджеттен максаттуу трансферт түрүндө бөлүнгөн 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмүндөгү каражатты республикалык бюджетке кайтарууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары | Д.Токтогулов |