Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 25 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №30
Бишкек – Кара-Балта автожолунда жайгашкан көчөнүн атын өзгөртүү боюнча
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6 жана 7 беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого, Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары – жоопту катчы Салморбеков Алибек Уранбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап жана Гавриловка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштын 25-кезектүү сессиясынын протоколунун ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловка жана Романовка айылдарынын Бишкек – Кара-Балта автожолунда жайгашкан Фрунзе көчөсүнүн аталышын “АК ШУМКАР” белгиси Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө жарлыгы менен №295 24-август 2022 жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогоруку наамына ээ болгон Шеримкулов Медетхандын наамына өзгөртүлсүн.
2. Бул көчөнүн атын өзгөртүүгө байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага | А.Т. Ибраимов |