Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 37-3
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын тургуну Рахматов Икромжондин жашап жаткан турак жайын мыйзам негизинде менчигине бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын тургуну Рахматов Икрамжан Акрамжанович айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, өзү жашап жаткан 0,10га. аянтты ээлеген, А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын «Мамадиев» көчөсүндө жайгашкан идентификациялык коду 5-05-14-3756 болгон коро-сарайынын мыйзамдаштыруу максатында «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалына кайрылган үчүрда аталган турак жайда Абдуллаев Халилулла аттуу жарандын атына катаачылык менен катталып калганын, ушул себептен өзү жашап кележаткан турак жайын мыйзамдаштыра албай жатканын билдирип,ушул турак жайын мыйзам талаптарынын негизинде менчигине бекитип берилишин суранган. Айыл өкмөтү маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген. А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы,кезектеги XXXVII сессиясында сунушту карап чыгып,талкуулап А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссия 2021-жылдын 25-январындагы протоколун, Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн чарбалык китебинин маалыматтарына таянып , иш жүзүндө атуул Рахматов Икрамжан Акрамжановичтин короо жайын жерине барып факт жүзүндө аянтын тактап чыгылган аянты 0,10га. экендигин тактап, ошол эле үчүрдө жанаша жайгашкан кошуналар менен короо жайдын чектери боюнча талаш тартыш жок экендиги аныкталды.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттардын кезектеги XXXVII сессиясы А.Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколун үйрөнүп чыгып, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн чарбалык китебинин маалыматына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн ,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин,талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин,талаптары, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн талаптары, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколу, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн чарбалык китебинин маалыматы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын «Мамадиев» көчөүндө жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-3756 болгон турак жайы, 0,10га. жер аянты менен бирга атуул Рахматов Икромжон Акрамжоновичтин менчигине бекитип берилсин.
3. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынан атуул Рахматов Икромжон Акрамжоновичтин турак жайын ушул токтомдун № 2-пункутунда көрсөтүлгөн аянты боюнча каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
5. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
6. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |