Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 25-октябры № 1164
Жарандык адамдарды аскердик-дарыгерлик комиссия тарабынан медициналык кароодон өткөрүү» мамлекеттик кызматын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 682 буйругунун редакциясына ылайык )
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 1-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-санаторийинде санатордук-курорттук дарылоо (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 27-пункту).
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде МЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | А.С. Бейшеналиев |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 1164 буйругуна 1-тиркеме |
2- глава. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр |
| |||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Аскердик-дарыгердик комиссиясы менен жарандарды медициналык күбөлөндүрүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасынын 1-пункту. |
| |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - КР КМ); - КР КМ аскердик бейтапканасы; - 44549 а/б (КР КМ аскердик госпиталы); - 34594 а/б (КР КМ аскердик госпиталы); Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги (мындан ары - КР ИИМ): - Медициналык башкармалыгынын аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары - МБ АДК; - Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын АДК (мындан ары - ИИБ МК ОАДК). Штаттан тышкары АДК: - Ысык-Көл облусу боюнча ИИБ МК ОАДК; - Нарын облусу боюнча ИИБ МК ОАДК; - Жалал-Абад облусу боюнча ИИБ МК ОАДК; - Талас облусу боюнча ИИБ МК ОАДК; - Баткен облусу боюнча ИИБ МК ОАДК. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (мындаг ары-КР МУКК) |
| |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын (мындан ары - КР) жарандары: - жогорку аскер окуу жайларына тапшыруучулар; - аскердик кызматка келишим боюнча чакырылуучулар; - И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскердик кафедрасында окуган студенттер, аларды кабыл алууда жана окуусун аяктоодо; - КР ИИМнин жогорку окуу жайларына тапшыруучулар; - КР ички иштер органдарына (мындан ары - КР ИИО) биринчи жолу кызматка кабыл алынуучулар. - КР коопсуздук комитетинин органдарына (мындаг ары-КР МУКК) (мындан ары - КР ИИО) кызматка кабыл алынуучулар. - КР МУККнин жогорку окуу жайларына тапшыруучулар (жана/же башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына); |
| |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - “КР жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы; - “Мыйзамда аскердик кызмат каралган, КР Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана КР органдарында медициналык кароо жөнүндө Жобосу”, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтому; - “КР укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында)” КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 токтому; - “КР ИИМ МБ АДК жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” КР ИИМ 2023-жылдын 2-февралындагы № 68-буйругу. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө ЖОБО. - Кыргыз Республикасынын МУКК “Аскердик-дарыгердик экспертиза, Аскердик-дарыгердик комиссиялар, медициналык күбөлөндүрүү, оорулардын жана дене түзүлүштөгү кемчиликтердин расписаниесы, КР коопсуздук комитетинин органдарына кызматка жараксыздыгы жана аскердик-дарыгердик комиссиясынын формалары, жумуштарынын отчеттору” боюнча 2017-жылдын 12-январындагы № 7 КПҮ” буйругу. |
| |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | КР КМ: аскердик кызматка жарамдуулугу жөнүндө белгиленген формадагы маалым кат. КР ИИМ: ички иштер органдарында кызмат өтөөгө жана КР ИИМ окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу жөнүндө маалым кат.
- КР МУКК: коопсуздук комитетинин органдарында кызмат өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө маалым кат, КР МУКК жогорку окуу жайларына (жана/же башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына) тапшырууга жарамдуулугу жөнүндө маалым кат. |
| |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканага, жуунуучу бөлмөгө) тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат берилген учурда, таяныч-кыймыл аракет аппараты бузулган адамдар үчүн кол кармагычтар менен жабдылган жайлар; - кезекке туруу тартиби боюнча. Имараттар күтүүчү жайга, дааратканаларга (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияны – эшиктин алдына орнотуу мүмкүнчүлүгү жок учурда), жылуулукка жана суу түтүктөрүнө, телефонго ээ. Келүүчүлөрдүн ыңгайы үчүн кызмат көрсөтүүчү жерде, кызматтарды сатып алууга керектүү документтер жайгаштырылат. |
| |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү мөөнөтү | КР КМ: - кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - катары менен 2 күндөн ашык эмес. Айрым учурларда жеке көрсөткүчтөр бар болсо, жалпы мөөнөтү 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Биринчи күн: - кандын, зааранын жалпы анализин тапшыруу – 15 мүнөт; - көкүрөк клетка органдардын флюорографиясы – 20 мүнөт. Экинчи күн: - дарыгер-адистердин кароосу – 3 сааттан ашык эмес; - аскердик кызматка жарамдуулугу тууралуу аныктаманы күбөлөндүрүү жана берүү – 15 мүнөткө чейин. КР ИИМ: Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3-5 жумушчу күнгө чейин. Кошумча медициналык текшерүүлөрдү өткөрүү мөөнөттөрү зарыл учурда узартылат. 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө үчүн банктын реквизиттерин берүү менен кадрлар бөлүкчөсүнөн багыттаманы жана керектүү документтерди кабыл алуу, каттоо - 30 мүнөт; 2. Кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясын кабыл алуу жана медициналык күбөлөндүүрүнүн акт/картасын берүү – 45 мүнөт; 3. Медициналык жана психодиагностикалык текшерүүлөрдү өткөрүү – 3-5 күн (кошумча текшерүүлөрдү өткөрүү зарылдыгы бар учурда мөөнөттөрү узартылат); 4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын маалым кат түрүндө тариздөө – 4 саат 30 мүнөт; 5. ИИО иштөөгө, КР ИИМ окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу жөнүндө маалым катты берүү – 15 мүнөт. КР МУКК: Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3-5 жумушчу күнгө чейин. Кошумча медициналык текшерүүлөрдү өткөрүү мөөнөттөрү зарыл учурда узартылат. 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө үчүн банктын реквизиттерин берүү менен кадрлар бөлүкчөсүнөн багыттаманы жана керектүү документтерди кабыл алуу, каттоо - 30 мүнөт; 2. Кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясын кабыл алуу жана медициналык күбөлөндүүрүнүн акт/картасын берүү – 45 мүнөт; 3. Медициналык жана психодиагностикалык текшерүүлөрдү өткөрүү – 3-5 күн (кошумча текшерүүлөрдү өткөрүү зарылдыгы бар учурда мөөнөттөрү узартылат); 4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын маалым кат түрүндө тариздөө – 4 саат 30 мүнөт; 5. Коопсуздук комитетинин органдарында кызмат өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө маалым кат, КР МУКК жогорку окуу жайларына (жана/же башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына) тапшырууга жарамдуулугу жөнүндө маалым кат; КР МУКК – 30 мүнөт. |
| |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү |
| |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты төмөнкүдөй алууга мүмкүн: - КР КМ расмий сайтынан mil.qov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg.); - КР КМ коомдук кабылдамасынан; - КР КМ аскердик бейтапканасынан; - 44549 а/б (КР КМ аскердик госпиталы); - 34594 а/б (КР КМ аскердик госпиталы); - жашаган жери боюнча райондук, шаардык аскердик комиссариаттарынан; - И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы аскердик кафедрасынан. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. КР КМ бейтапканасынын, госпиталдарынын, жооптуу башкармалыктын даректери ишеним телефондору, телефондору, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты аскердик комиссариаттарынын, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскердик кафедрасынын такталарында жана КР КМ расмий сайтында жайгаштырылат (mil.qov.kg). КР ИИМ: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - төмөндөгү даректерде жайгашкан маалымат такталарында: - ИИМ АДК Бишкек ш., Киев көч. – 58; - Ош облустук АДК – Ош ш., Ленин көч. - 199; - Жалал-Абад облустук АДК – Жалал-Абад ш., Шопоков көч. - 37; - Нарын облустук АДК Нарын ш., Ленин көч. - 27; - Ысык-Көл облустук АДК – Каракол ш., Кутманалиев көч. - 146а; - Талас облустук АДК – Талас ш., Бердике Баатыр көч. 200 1-бат.; - Баткен облустук АДК – Баткен ш., Раззаков көч. 4. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Кызмат көрсөтүүчү мекемелердин тизмеси даректери, телефондорунун номерлери стандарттар менен бирге КР ИИМнин расмий сайтында жайгаштырылган (mvd.gov.kg). КР МУКК: Кызмат көрсөтүүчү мекемелердин тизмеси даректери, телефондорунун номерлери стандарттар менен бирге КР МУККнин расмий сайтында жайгаштырылган (gknb.gov.kg). |
| |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүдөй ишке ашырылат: - КР КМ аскердик-медициналык башкармалыгына кайрылууда; - аскердик бейтапканага жана ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн госпиталдарга кайрылууда; - райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарынын, аскердик факультеттеринин (кафедралардын) такталарында; - КР КМ (mil.qov.kg) жана КР ИИМ (mvd.gov.kg) расмий сайттарында; - КР ИИМ, ИИО кадрларынын бөлүкчөлөрүндө; - ушул стандарттын 8-пунктунда көрсөтүлгөн КР ИИМ АДК штаттык жана штаттан тышкары маалымат такталарында; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg.). |
| |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| |||
10 | Келүүчүлөр менен маектешүү | Жогоруда аталган кызмат көрсөтүүчү уюмдардын кабинеттеринин эшиктеринде көрсөткүчү менен табличкалар болуусу тийиш. Керектөөчүлөр менен иштешкен бардык кызматкерлер аты-жөнү, кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкаларга (бейджиктерге) ээ. Кызматкерлер келүүчүлөр менен маектешүүдө этиканын негизги принциптерди сакташат: сылык, мээримдүү, так, чыдамдуу, приципиалдуу болуу, маселенин маңызы боюнча терең түшүнүүгө умтулуу, маектешти уга билүү жана анын позициясын туура түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерди) жана КР мыйзамдарын бузууга мүмкүндүк бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди, этикалык ченемдерди сактоону камсыздаган, кызыкчылыктардын конфликтерине жол бербеген, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоого тийиш. |
| |
11 | Жашырындуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчүлөр жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат КР мыйзамдарында каралган негиздер боюнча сурам кат менен гана берилет. |
| |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: КР КМ: 1.Каттоого (регистратура) кайрылуу жана көрсөтүү; - өздүгүн күбөлөндүргөн документ (паспорт же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу, аскердик билет); - аскер комиссариатынын жолдомосун же И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында билим алган учурда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн жалпы тизмеси; - Ф.№025/У амбулаториялык картасын же аскер кызматчысынын медициналык китепчеси; - психоневрологиялык, наркологиялык, кургак учук диснансерлеринен маалым каттар. Жогорку аскер окуу жайларына тапшыруу жана келишим боюнча аскер кызматына чакырылгандар Республикалык “СПИД” борборунан маалым катты берүүсү зарыл. Аскердик кызматтан мурда бошотулган адамдар, ошондой эле өздүк көктөмөдөн көчүрмөсүн берүү зарыл. 2. Катоодо берилген банктын реквизиттери боюнча көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөө жөнүндө квитанцияны алып келүү. 3. Адистерден кароодон жана текшерүүдөн өтүү. 4. Мекеменин улуу медициналык айымынан күбөлөндүрүлгөн маалым катты алуу. КР ИИМ: Комиссияга келгендер үчүн зарыл: 1. Каттоого (регистратурага) кайрылуу жана төмөндөгүлөрдү көрсөтүү: а) медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө кадр бөлүкчөлөрүнүн жолдомосун; б) КР укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн шарттарына ылайык аскердик билет (эркектер үчүн); в) паспорт же ушул эле документ санариптик форматтагы «Түндүк» мобилдүү тиркемеси аркылуу; г) терапевтте, психиатрда жана наркологдо (жашаган жери боюнча) каттоодо турбагандыгы тууралуу маалым кат. 2. Каттоодо (регистратурада) берилген банктын реквизиттери боюнча көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөө жөнүндө квитанцияны алып келүү. 3. Медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүүдөн өтүү. 4. ИИО кызмат кылууга, КР ИИМнин жогорку окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу жөнүндө маалым катты мекеменин медициналык каттоодон (регистраторунан) алуу. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Тундук" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. КР МУКК: Кызмат көрсөтүүчү мекемелердин тизмеси даректери, телефондорунун номерлери стандарттар менен бирге КР МУККнин расмий сайтында жайгаштырылган (gknb.gov.kg). |
| |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген. Кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып, МУКК, КР КМ жана ИИМнин жетекчилиги бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылган, ал кызмат көрсөтүүчү мекеменин маалымат тактасында жана МУКК, КР КМ, ИИМнин расмий сайтында жайгаштырылган. Баткен облусунун ИИБ МК АДК медициналык кубөлөндүрүү акысыз көрсөтүлөт. |
| |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн, кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, улуту, этникалык таандыгы, карманган дини, жаш курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча дискриминацияга, ошондой эле башка кырдаалдарга жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-жашоо-тиричиликтик шартынын ыңгайлуулугу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун жеткиликтүүлүгүнүн болуусу; - жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
| |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Көрсөтүлбөйт. |
| |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби |
| |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартүү үчүн негиздер | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу негиздери: - ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына керектөөчүнүн ылайык келбестиги; - ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн керектүү документтерди керектөөчүлөргө бербөө. |
| |
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай эмес кызмат көрсөтүүдө, алуучу адам оозеки же кат жүзүндө МУКК, КР КМ жана ИИМ жетекчисине даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кат жүзүндөгү даттануу эркин формада жазылат жана кызмат көрсөтүлгөн адамдын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон №, ошондой эле дооматынын мазмуну, колу жана датасы болууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттоого алып жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Арыздарды жана дооматтарды кароо МУКК, КР КМ жана ИИМ жетекчилиги менен белгиленген тартипте ишке ашырылат. Кат жүзүндөгү кайрылууну кароо жана ага жооп алуу мөөнөтү кайрылуу катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон керектөөчү, сот тартибинде коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине даттанууга укуктуу. |
| |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
| |
|
|
|
| |
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 1164 буйругуна 2-тиркеме |
2- глава. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр |
| ||||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторийинде санатордук-курорттук дарылоо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасынын 27-пункту |
| ||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Коргоо маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - КР КМ); КР КМ аскердик санаторийи; Маалыматтык байланыш жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты маалыматтык стенддерде жана КР КМ mil.gov.kg сайтына жайгаштырылат |
| ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү колдонуучулар | 3.1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары, аскер пенсионерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. 3.2. Кыргыз Республикасынын жана башка чет өлкөнүн жарандары. |
| ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531- токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санатордук-курорттук камсыздоо жөнүндө Жобо”. |
| ||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - дарылоо, текшерүү жөнүндө маалыматтар, сунуштар менен оорунун тарыхынан көчүрмө; - дарылоонун жыйынтыктары, сунуштар жана кызмат көрсөтүүнүн убагы көрсөтүлгөн маалым кат. |
| ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
| Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын, анын ичинде таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдар үчүн кармагычтар менен жабдылган имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - люкс класстагы 1 жана 2 бөлмөлүү номерлерде жайгаштыруу менен; жарым люкс класстагы 1 жана 2 бөлмөлүү номерлерде жайгаштыруу менен; - ыңгайлуу шарттары менен стандарттык корпустарда; - ыңгайлуу шарттары жок стандарттык корпустарда; - литердик үйлөрдө. Дарылоо жана реабилитация боюнча кызмат көрсөтүүлөр аскердик санаторийдин дарылоо корпусунда дарыгерлердин дайындоолоруна жараша көрсөтүлөт. |
| ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү мөөнөтү | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу документтерди автоматтык түрдө кабыл алуу жана каттоо убагы 30 мүнөттөн ашык эмес (portal.tunduk.kg.); Кызмат көрсөтүү, кызмат көрсөтүүнү алуучулардын суроо-талаптарына жараша, 3 күндөн 12 күнгө чейин көрсөтүлөт. Медициналык көрсөткүчтөр болгондо аскердик санаторийде дарылоонун мөөнөтү, аскердик санаторийдин дарыгердик комиссиясынын чечими менен 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. |
| ||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү |
| ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана мамлекеттик кызматтарды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалыматтоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга мүмкүн: - КР КМ сайтынан; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg.); - КР КМ аскердик-медициналык башкармалыгынан; - аскердик санаторийге жеке кайрылуу аркылуу; - аскердик санаторийдин маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен Маалымат мамлекеттик жана расмий тилде берилет. |
| ||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (бардык жөндөмдөрдү мүнөздөө же саноо) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, теле көрсөтүүлөр; - КР КМ сайты; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg.); - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу. Дарек, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге КР КМ сайтына, такталарга жайгаштырылат. |
| ||
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||||
10 | Келүүчүлөр менен маектешүү | Аскердик санаторийде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат табличкалар жайгаштырылат. Керектөөчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлер, аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейджи) болот. Келүүчүлөр менен маектешүүдө кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Бардык кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун чектеген, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыздаган этикалык ченемдерди, кызматтык нускаманы (функционалдык милдеттерди) жана кесиптик этика нормаларын сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөтмөлөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кары пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу айымдар) маектешүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
| ||
11 | Жашырындуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
| ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Аскердик санаторийде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: 1. 3-пункттун 3.1-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу бөлүмчөнүн каттоосуна (регистратура) кайрылууга жана берүүгө: -өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ (офицердин өздүк күбөлүгү, аскердик билет, паспорт); - медициналык китепчени, амбулаториялык картаны (амбулаториялык картадан көчүрмө); - санатордук жолдомону; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөм тууралуу квитанция. 2. 3-пункттун 3.2-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу бөлүмчөнүн каттоосуна (регистратура) кайрылууга жана берүүгө: - паспорт; - амбулатордук картаны (амбулатордук картадан көчүрмө); - кызмат көрсөтүү үчүн төлөм тууралуу квитанция. Кызмат көрсөтүүнү алууга табыштаманы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берүүгө болот. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Тундук" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
| ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү, төлөө негизинде жүргүзүлөт. Аскердик санаторийдин кызмат көрсөтүү бааларынын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КР КМ жетекчилиги менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы аскердик санаторийдин маалымат тактасында, КР КМ расмий сайтында жайгашкан баалардын прейскурантында чагылдырылат. |
| ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык эффективдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; -кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шартынын ыңгайлуулугу, жарандарды кабыл алуунун ынгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана анын жеткиликтүүлүгү; - жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүү үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана жарандардан талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө көмөк көрсөтүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
| ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Мамлекттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы (portal.tunduk.kg.) аркылуу, ушул стандарттын 3-пунктунун 3.2-пунктчасында көрсөтүлгөн керектөөчүлөр үчүн табыштаманы кабыл алуу менен жарым-жартылай көрсөтүлүшү мүмкүн. |
| ||
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби |
| ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат: - ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына керектөөчү ылайык келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн зарыл документтерди керектөөчү бербегенде; -керектөөчү кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөбөгөн учурда. |
| ||
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай эмес кызмат көрсөтүлгөндө, алуучу адам аскердик санаторийдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен жана маселе чечилбеген учурда КР КМ кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада жазылат жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон №, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттоого алып жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду карап чыгуу белгиленген тартипте КР КМ жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуу жана керектөөчүгө жообун берүү мөөнөтү катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда, керектөөчү сот тартибинде чечимди даттанууга укуктуу. |
| ||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
| ||
|
|
|
|
| |