Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 37-4
“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезексиз 31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 ттоктомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Мирмахмудов айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 31-сессиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №31-2 токтомуна төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:
- Мирмахмудов айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 6 даана электр тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №1258, 1249,1342, 1085, 925, 1095 контурунда жайгашкан жалпы 2246 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |