Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/157

 

Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Тургенев жана Пионер көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын тургундарынын мечит курууга жер тилкесин ажыратып берүүгө суранган арызы боюнча шаардык мэриянын берген кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жер тилкесин ажыратып берүүгө жазган мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.

 

2. Кочкор-Ата шаарынын Тургенев жана Пионер көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн ортосунда бош жаткан муниципалдык менчиктеги жер аянтынын 428м² жер тилкеси мечит куруу үчүн ажыратылып берилсин.

 

3. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, курулуш, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Н.А.Абдуразаков