Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/156
Труба алып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы жашоочуларынын үйүнөн чыгуучу чыгынды суулар агып кетүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен труба алууга акча каражатын ажыратып берүүнү сураган мэриянын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардагы чыгынды суулар үчүн труба алып берүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүүнү сураган кайрылуусу эске алынсын..
2. Чыгынды суулар үчүн труба алууга түзүлгөн сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
3. Чыгынды сууларга иштелүүчү трубаларды алууга акча каражатын таап берүү жагын шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |