КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/155
Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, «Кыргызнефтегаз» ААКу Мамлекеттик ипатекалык компаниянын шаарыбыздын тургундарын турак үй менен камсыздоого, шаарыбыздын Калинин көчөсндөгү аталган ишкананын 2,32га жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүгө сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. «Кыргызнефтегаз» ААКна караштуу Калинин көчөсүндөгү 2,32га жер аянтынын пайдалануу багытын көп кабаттуу үй курууга өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилигине, архитектуралык эрежелерди сактоо менен, балдар ойноочу аянтча, машина токтоочу жайларды пайдалануу багытын өзгөртүлүп жаткан жер тилкесинин ичинен кароо жагы милдеттендирилсин.
4. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |