КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/154
2024-2025-2026-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, шаардык мэриянын 2024-2025-2026-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитип берүүгө жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-2025-2026-жылдарга түзүлгөн болжолдуу долбоору бекитилсин.
- 2024-жылга 168 481 900сом;
- 2025-жылга 173 533 000сом;
- 2026-жылга 179 095 200сом.
2. Ушул токтомдо белгиленген бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорундагы сумманы, ар бир конкреттүү жылдарда, бюджетти бекитүү мезгилинде талкуулоо менен кабыл алуусу каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсун.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |