КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/153
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялык иштери, тазалыгы жана тамактануусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2023-жылга бекитилген иш-пландын негизинде, шаарындагы мектептке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялык иштери, тазалыгы жана тамактануусу боюнча, шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Шаардык Кеңештин депутаттарынын берген корутундусуна негиз Ландыш балдар бакчасынын башчысына эскертүү берилсин жана балдар бакчасынын катталган тизмеден ашыкча бала кабыл алууга жол берилбесин.
3. Балдар бакчаларында майрамдарга карата, фондорду түзүү, цирк, кукольный театр жана интернет вай-файга акча чогултуу токтотулсун.
4. Ландыш балдар бакчасындагы чыгынды суу маселесин чечип берүү жагы мэрияга милдеттендирилсин.
5. Ландыш балдар бакчасын ишмердигин кайрадан текшерүүгө алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |