КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/152
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, шаардык Кеңештин 2023-жылга бекитилген иш-пландын негизинде шаарыбыздагы орто мектептердин өзгөчө кырдаалдар алдын алуу жана кесеппеттерин жоюу боюнча шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Шаарыбыздагы жергиликтүү бюджеттен камсыз болгон орто мектептердин өрт өчүрүүчү аппараттары (огнетушитель) тезинен алмаштыруусу сунушталсын.
3. 2024-жылга жергиликтүү бюджетти караган мезгилде мектептерге кошумча видео көзөмөл камера орнотуу жагын кароо сунушталсын.
4. Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин окуу имаратынын жана жатакананын ичинде өрт өчүрүүчү аппарат(огнетушитель) жок экендиги белгиленсин жана тез арада орнотууну жана күндүзү коопсуздук сакчыларын коюу милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |