Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 37-5
Киров айылынын тургуну Кочкорова Саерахондын арызын канаттандыруу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну Кочкорова Саерахон айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр тизмесине кирген үй-бүлөөлөрдөн болуп эсептелет. Өзүнүн турак жайы жок болгондуктан, ар жерде ижарага батир алып үч балаасы менен жашап келет. Жогорудагы муктаждыктан улаам 2019-жылдын 12-февралында айыл өкмөтүнө турак жай куруу үчүн арыз менен кайрылып, турак жай курууга муктаждардын тизмесине киритилген.
Айыл өкмөтү жашоо абалынын наачарлыгын эске алып, айыл аймагынын калктуу конушунун эсебине кирген, Киров айылынын «Аэропорт» бөлүмүндөгү көп батирлүү, эки кабаттуу турак жайдын аймагы менен чектешкен, бош жаткан 500 ч.м. муниципалдык менчик болгон жер тилкесин издеп таап, жердин шартын үйрөнүп чыгуу боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясы жеринде барып карап чыгып, өзүнүн 2021-жылдын 27-январындагы протоколу менен , аталган жер участкасынын атуул Кочкорова Саерахонга турак жай куруу үчүн ажыратып берүү сунушу менен айыл өкмөтүн кайрылышкан.
А.Мирмахмудов айыл өкмөтү маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссия мүчөөлөрү 2021-жылдын 27-январындагы протоколдук сунушун талаптарын, Кочкорова Саерохондын 2019-жылдын 12-февралында айыл өкмөтүнө турак жай куруу үчүн берген арызын арыз эсепке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 6-беренесинин 2-пункутунун, №13-беренесинин 1-пункутунун 1-бөлүмчөсүнүн, №32-беренесинин 1-пункутунун талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн ,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 6-беренесинин 2-пункутунун, №13-беренесинин 1-пункутунун 1-бөлүмчөсүнүн, №32-беренесинин 1-пункутунун талаптары, Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2021-жылдын 27-январындагы протоколдук сунушун талаптары жана Кочкорова Саерохондын 2019-жылдын 12-февралында айыл өкмөтүнө турак жай куруу үчүн жер участкасы сурап берген арызы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Атуул Кочкорва Саерохон Эргешбоевнага Киров айылынын «Аэропорт» бөлүмүнөн, калктуу конуштун жерлерине кирген, муниципалдык жер болуп эсептелген 500 ч.м. жер тилкеси турак жай круу үчүн менчигине бекитип берилсин.
3. Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан атуул Кочкорова Саерохон Эргешбаевнага бекитип берилген жкер участкасынын архитектуралык иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
5. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
6. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |