Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 1-ноябры № 700-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга таянуу менен, саламаттык сактоо жана медицина чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Максаты жана милдеттери
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруунун жана каржылоонун жаңы принциптери менен программаларын өткөрүп берүү; жыл сайын Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору (ÖSҮМ) тарабынан жайгаштырыла турган эң көп дегенде 20 кыргыз дарыгерине медициналык адистиктер боюнча Түркия Республикасынан окуу мүмкүнчүлүгүн берүү; ошондой эле Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү медициналык билим берүүгө жана медицина адистиктери боюнча окутууга багытталган окуу программаларын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыкты.
Ушул Макулдашууда ошондой эле медициналык жардам алуу үчүн кайрылган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга медициналык кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан 72 жатак-орундуу (анын ичинде реанимация бөлүмүндө 21 жатак-орун) Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын (мындан ары - Оорукана) келерки 5 (беш) жылдык мөөнөткө Тараптар тарабынан биргелешип башкарууга багытталган. Эгерде Тараптардын бири биргелешип башкарууну токтотуу ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө мөөнөт аяктаганга чейин алты (6) ай мурда билдирбесе, биргелешип башкаруунун мөөнөтү өзүнөн өзү беш жылдык мөөнөттөргө узартылып турат.
2-берене. Аныктамалар
Мамлекеттик модель: мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана/же кызматтарды сатып алуу менен башкы дарыгердин жетекчилигинин астында башкаруу штаты аркылуу Оорукананы башкарууга Тараптардын түздөн-түз катышуусу.
Административдик жана финансылык маселелер боюнча комитет: башкы дарыгердин төрагалыгы астында ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн оорукананын административдик жана финансылык иштерин жүргүзүү максатында түзүлгөн, курамына административдик жана финансы иштери боюнча директор, административдик жана финансы иштери боюнча директордун орун басары, ТIKAнын Бишкектеги координатору жана кыргыз башкы дарыгердин орун басары кирген түзүм болуп саналат; чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болуп калган учурда башкы дарыгердин добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Сынак кеңеши: башкы дарыгердин орун басарынын жетекчилигиндеги 5 адамдан турган кеңеш, анын мүчөлөрү Административдик жана финансылык маселелер боюнча комитет тарабынан аныкталат. Кеңеш Оорукананын кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын жарандарын аңгемелешүү аркылуу тандап алат.
Билим берүү кеңеши: башкы дарыгердин жетекчилигиндеги 5 адамдан турган кеңеш, мүчөлөрүн өзү тандап алат; Кеңештин туруктуу мүчөсү болуп кыргыз Тараптан башкы дарыгердин орун басары саналат.
Этика боюнча кеңеш: Башкы дарыгердин орун басарынын жетекчилигиндеги 5 адамдан турган кеңеш; мүчөлөрүн Башкы дарыгер тандап алат; Кеңештин туруктуу мүчөсү болуп медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча директор саналат.
3-берене. Аткаруучу органдар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аткаруучу органдар болуп эсептелет.
1. Ушул Макулдашууда каралган кызматташтыкты практикалык ишке ашыруунун чөйрөсү жана шарттары Тараптардын пикири боюнча зарыл деп эсептелген мезгилге иштелип чыккан иш пландары жана практикалык программалары аркылуу аныкталат. Зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлүүчү делегациялар аркылуу мониторинг, баалоо жана аудит боюнча иштер жүргүзүлөт. Мониторинг, баалоо жана аудит боюнча иш-чаралар Оорукананын бюджетинин эсебинен каржыланат.
2. Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык аялуу катмарын медициналык жардам менен камсыздоо максатында Тараптар Оорукананын базасында жеңилдетилген негизде дарылануу укугуна ээ болгон адамдардын айрым бир категорияларын караштырат. Бул адамдардын көрсөтүлгөн категорияларынын саны жана пайыздык катышы Тараптар тарабынан иштелип чыгуучу иш пландарына жана практикалык программаларына киргизилет. Бул катыш дарылануудан өткөн бейтаптардын жалпы санынын 20%нын тегерегинде болот.
3. Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык аялуу катмарын медициналык жардам менен камсыз кылуу менен байланышкан финансылык чыгымдар Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөнөт.
4-берене. Оорукананын статусу
Оорукана мамлекеттик статуска ээ болот жана уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп саналат, үчүнчү баскычтагы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруунун жана каржылоонун жаңы принциптерин жана программаларын киргизүү максатында эксперимент катары толук финансылык көз карандысыздыкка ээ болот.
Бюджет Тараптар берген каражаттардан, жүгүртүү капиталынын каражаттарынан, кайрымдуулуктардан жана башка келип түшүүлөрдөн түзүлөт.
Оорукана ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 5 (беш) жыл бою Тараптар тарабынан биргелешип башкарылат.
Оорукананы биргелешип иштетүү үчүн көрсөтүлгөн беш (5) жылдык мөөнөт, эгерде 1-берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жазуу жүзүндө билдирилбесе, беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылып турат.
5-берене. Тараптардын укуктары жана милдеттери
а) түркиялык Тараптын укуктары жана милдеттери
1. Тараптар макул деп тапкан учурларда айрым бир тейлөө бирдиктери же зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр (медициналык кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) Оорукана тарабынан үчүнчү адамдардан жана уюмдардан сатып алынышы мүмкүн.
2. Лаборатория жана визуализация кызматтары сыяктуу медициналык кызматтар, техникалык кызматтар, автоматизация, тамак-аш даярдоо, тазалык, коопсуздук, имарат менен аппаратураны жууп-тазалоо жана тейлөө сыяктуу колдоочу кызматтарды көрсөтүү максатында кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; же Тараптар өз милдеттенмелерин дарылоо процесстеринен сырткары кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен аткара алат.
3. Оорукана менен билим берүү жана илим изилдөө ооруканасынын(ларынын) же Түркия Республикасындагы жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык түзүлүшү мүмкүн.
4. Түркиялык Тарап Оорукананы башкаруу жана иштетүү үчүн өзүнөн кызматкер дайындайт.
б) кыргыз Тараптын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Тарап аталган Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан расмий дайындалуучу жетекчилерге, медициналык кызматкерлерге жана техникалык кызматкерлерге статусуна жараша жана иштөө мөөнөтүнө жараша визаны жана иштөөгө уруксатты талап кылбастан Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн камсыз кылат.
2. Кыргыз Тарап Оорукананын иштөөсү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү тиешелүү документтерди алуу, жол-жоболоштуруу процессине көмөк көрсөтөт. Кыргыз Тарап Оорукана үчүн арналган жана Түркия Республикасынан ташып киргизилүүчү материалдар менен буюм-тайымдардын өтүүсүн тездетүү үчүн бажы пунктун аныктайт.
3. Кыргыз Тараптан ушул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынан же башка өлкөлөрдөн ташып киргизилүүчү медициналык жабдууларга, дары каражаттарына, лабораториялык жабдууларга, реактивдерге, медициналык чыгымдалуучу материалдарга жана башка медициналык максатта колдонулуучу буюмдарга бажы алымдары, бажы төлөмдөрү, импортко карата КНС жана башка төлөмдөр алынбайт. Эгерде кыргыз Тарабы катышкан кандайдыр бир эл аралык келишимге ылайык салык төлөө жана бажы алымдарын алуу милдеттүү шарт болсо, анда салынуучу салык жана бажы алымдары боюнча жоопкерчилик жана милдеттенме Оорукананын бюджетинен төлөнөт.
4. Ооруканада колдонулуучу дары каражаттары, медициналык керектелүүчү буюмдар, лабораториялык реактивдер жана башка медициналык максатта колдонулуучу буюмдар, ошондой эле медициналык жабдуулар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында мамлекеттик каттоодон бошотулат. Эгерде бул продукциялар импорттолсо, алардын тиешелүү өлкөлөрдүн расмий органдары тарабынан каттоодон өтүшүнө жана сертификацияланышына көңүл бурулат.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүүчү кеңеш менен биргеликте бул Оорукананын алдында практикалык стажировкаларды жана медициналык факультеттерде же дипломго чейинки жана дипломдон кийинки программалар боюнча башка медициналык мекемелерде окуп жаткан студенттерге клиникалык ротацияларды өткөрүү үчүн зарыл болгон координациялоо иштерин жүргүзөт.
6. Кыргыз Тарап Түркия Республикасында жарактуу деп эсептелген жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан расмий түрдө Ооруканада иштөө үчүн дайындалган кызматкер ээ боло турган дипломдор, билими тууралуу күбөлүктөр, сертификаттар жана башка документтер эквиваленттүүлүктү аныктоо боюнча кандайдыр бир жол-жоболорду өткөрүүнү талап кылбастан Кыргыз Республикасынын аймагында дагы жарактуу деп эсептеле тургандыгына кепилдик берет. Ооруканада иштөө үчүн дайындала турган кызматкердин тизмесин түркиялык Тарап расмий каналдар аркылуу кыргыз Тарапка жөнөтөт.
7. Электр энергиясы, жылуулук берүү, жаратылыш газы, ысык жана муздак суу, турмуш-тиричиликтик, медициналык жана химиялык калдыктарды ташуу жана жок кылуу боюнча чыгымдар Оорукананын бюджетинен төлөнөт, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башка мамлекеттик ооруканаларга карата колдонулуучу жеңилдиктер жана бошотуулар эске алынат.
6-берене. Оорукананы башкаруу
Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет Оорукананын кыргыз жана түркиялык тараптардын бирдиктүү башкаруусунун методдорун жана ар бир деңгээлдеги кызматкердин кызматтык милдеттерин аныктайт; "Оорукананы башкаруу боюнча директиваны" даярдайт жана Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет бекиткенден кийин аны жарыялайт.
Оорукананын администрациясы:
а) башкы дарыгер (Түркия Республикасынын жараны);
б) башкы дарыгердин орун басары (Кыргыз Республикасынын жараны);
в) административдик жана финансылык иштер боюнча директор (Түркия Республикасынын жараны);
г) административдик жана финансылык иштер боюнча директордун орун басары (Кыргыз Республикасынын жараны);
д) медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча директор (Түркия Республикасынын жараны);
е) медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча директордун орун басары (Кыргыз Республикасынын жараны).
Башкы дарыгер жана башка түрк кызматкери Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалат; кыргыз администраторлору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалат; башка кыргыз кызматкерлери Сынак кеңешинин маектешүүсүнөн жана баалоосунан кийин Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан дайындалат.
Түркиялык Тараптан дайындалуучу кызматкерлерден тышкары аталган Ооруканада иштей турган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин түзүү менен жумушка кабыл алынат.
Башкы дарыгер Оорукананы башкаруу үчүн жоопкерчилик тартат. Башкы дарыгердин милдеттери жана ыйгарым укуктары:
1. Пациенттерге байланыштуу бардык жол-жоболорду жана автоматташтырылган системаны колдонуу менен кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн зарыл болгон чараларды көрөт. Кирешелерге жана чыгашаларга эсептер боюнча маалыматтарды жана өздүк маалыматтарды коргоо маселелерине көңүл буруу менен Тараптарды үч айлык интервал менен медициналык статистикалык маселелер боюнча маалымдайт.
2. Башкы дарыгер зарыл болгон учурда бардык кызматкерлерге карата тиешелүү тартиптик териштирүүнү жүргүзө/камсыздай алат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишимин бузууну кошуп эсептегенде, административдик жана тартиптик жаза чараларын көрөт. Эгерде кызматкер Ооруканада пайдаланылган түрдүү аспаптарга жана жабдууларга атайын зыян келтирсе, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт.
3. Башкы дарыгер Оорукананын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, ошондой эле анын милдеттерине кирген маселелер боюнча керектүү техникалык жана административдик чараларды көрүүгө/камсыздоого милдеттүү.
4. Башкы дарыгер керектүү жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон кыргыз кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, ошондой эле бул маселе боюнча Административдик жана финансылык иштер боюнча комитеттин кабыл алган чечиминин негизинде эмгек келишимдерине кол коёт.
5. Башкы дарыгер Административдик жана финансылык иштер боюнча комитеттин компетенциясына кирбеген сатып алуулар боюнча иштерди жана жол-жоболорду аткарат.
7-берене. Финансылык жоболор
1. Тараптар жүргүзүүчү төлөмдөр, ошондой эле алынуучу кайрымдуулук каражаттары жана башка кирешелер түздөн-түз Оорукананын жүгүртүү капиталына киргизилет.
2. Бул Макулдашуунун алкагында биргелешип башкаруу ишмердүүлүгү беш жылдык мөөнөттөр менен узартылат жана ар бир 5 (беш) жылдык мөөнөткө түркиялык Тараптан 32000000 АКШ доллары өлчөмүндө кошумча бюджет бөлүнөт. Түркиялык Тараптан дайындалган кызматкерлердин чыгымдары түркиялык Тараптан Оорукананын бюджетине которулбастан, өздөрү дайындаган кызматкерлерге түздөн-түз төлөнөт. Мындан тышкары дайындалган түрк кызматкерлеринин жатакана чыгымдары Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен каржыланат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баа тарифтери аныкталган болсо, пациенттердин катышуу үлүшү, текшерүү, диагноз коюу жана дарылоо баалары аларга жараша аныкталат; мындай тарифтер жок учурларда алар Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан аныкталат, андан соң сунуш катары бекитүү үчүн тиешелүү башкармалыктарга (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына) киргизилип жана бекитилген соң жарактуу деп саналат.
4. Ооруканага товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча эрежелер менен жол-жоболор Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан аныкталат; 5000 (беш миң) АКШ долларынан ашык суммадагы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча жол-жоболор аталган Комитет тарабынан бекитилет.
5. Эмгек келишими түзүлгөн кызматкерлердин эмгек акысы менен башка төлөмдөрү, ошондой эле мындай төлөмдөргө негизделген тиешелүү мамлекеттик башкармалыктарга төлөнүүчү каражаттар оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен төлөнөт.
8-берене. Адам ресурстарын тандоо
Эреже катары Ооруканага жумушка кабыл алынган кыргыз кызматкерлери аңгемелешүүдөн өтүп, алар Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет түзгөн Сынак кеңеши тарабынан бааланат, андан соң Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Оорукана менен келишимди түзүү аркылуу жумушка кабыл алынат. Аталган кызматкердин эмгек акысы жана башка төлөмдөрү Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан аныкталат жана Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен төлөнөт. Зарыл болгон учурда жана Административдик жана финансылык иштер боюнча комитеттин жактыруусунда башка өлкөлөрдөгү медициналык кызматкерлер менен келишимдер түзүлөт.
9-берене. Кызматкерлердин жоопкерчилиги жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн статусу
Оорукананын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет трабынан кабыл алынган директива менен аныкталат. Этика боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, ошондой эле аталган Директивага ылайык тартиптик жол-жоболорду жүргүзөт.
Оорукананын түркиялык тараптан дайындалган кызматкерлери жана алардын жакын туугандары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгилде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине баш иет.
Биргелешип башкаруу жана пайдалануу мезгилинде Оорукананын медициналык жана техникалык кызматкерлери кесиптик милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө кездешкен кыйынчылыктар Этика боюнча кеңеш тарабынан каралат. Этика боюнча кеңеш мындай учурларды караган мезгилде анын жыйынына Оорукананын башкы дарыгери төрагалык кылат.
Эгерде түрк кызматкерлеринин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири куугунтукка алынса же соттук териштирүүгө тартылса, анда бул адам Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралгандай юридикалык коргоону пайдаланууга укуктуу болот.
Эгерде бул Макулдашуу колдонулган мезгилде түрк кызматкери же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кылмыш жоопкерчилигине тартылса, кыргыз Тарап аны жоопкерчиликке тартуу учурунда мындай иш үчүн Түркия Республикасында колдонулуучу жаза мөөнөтүн жана мүнөзүн, анын аткарылышын мүмкүн болушунча эске алат.
Түркия Республикасынан жумушка тартылган кызматкер жана анын жакын туугандары камакка алынган учурда кыргыз Тарап бул тууралуу түркиялык Тарапка дароо маалымдайт.
10-берене. Ооруканада көрсөтүлүүчү жардам
Оорукананы андан ары өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн Тараптар башка өлкөлөрдүн эл аралык уюмдары тарабынан финансылык жардам алуу үчүн бардык аракеттерин жумшайт.
11-берене. Билим берүү
Окутуу өткөрүлүүчү адистиктердин багыты жана ал багыттар боюнча берилүүчү квоталар эки Тараптын ортосундагы жетишилген келишимдер аркылуу ар бир сынак мезгилинде өз алдынча аныкталат. Аталган маселе боюнча кыргыз тараптан чечим кабыл алуучу болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат, түркиялык Тараптан - Медицинадагы адистештирүү боюнча кеңеш.
Жыл сайын бул Макулдашуунун алкагында бөлүнүүчү квота боюнча адистиктерге окууга талапкер болгон эң көп дегенде 20 дарыгер - Кыргыз Республикасынын жарандары медицинадагы адистештирилген окууга кирүүчү сынак аркылуу бөлүштүрүлөт, ал Түркиялык Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору (ÖSҮМ) тарабынан өткөрүлөт.
Адистештирилген программалар боюнча бөлүштүрүлө турган кыргыз дарыгерлери медициналык кызматтарды окутуу үчүн бөлүштүрүлүп барган мекеменин алкагында гана көрсөтө алат.
Түркиялык Тарап аталган Ооруканада иштетүү үчүн дарыгерлерди даярдоо максатында студенттерге стипендия берүү маселесинде керектүү көмөгүн көрсөтөт. Бөлүштүрүлүүчү студенттердин саны, студенттер окуй турган медициналык факультеттеги бөлүмдөр, ошондой эле каржыланууга тийиш студенттердин саны чет элдеги түрктөрдүн жана тектеш жамааттардын иши боюнча башкармалык менен кыргыз Тараптын ортосундагы жетишилген келишимдердин негизинде аныкталат.
Бул Макулдашуунун алкагында Түркияда окуй турган Кыргыз Республикасынын жарандары - дарыгерлер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган мамлекеттик медициналык мекемелерде милдеттүү түрдө 3 жыл иштеп берүүгө тийиш.
Бул Макулдашуунун алкагында түркиялык Тарап медицина жана адистештирүү боюнча окуу программасынын өнүгүүсүн колдоого алат.
12-берене. Консультациялар жана өзгөртүүлөр
Тараптар андан ары тыгыз кызматташууну өнүктүрүүнүн маанисин туура түшүнүү менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, аны чечмелөө жана практикалык колдонуу маселелери боюнча өз ара консультацияларды өткөрүп турат.
Тараптардын бири бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында консультацияларды өткөрүү үчүн суроо-талап жөнөтсө, аталган консультациялар бул өтүнүчтү экинчи Тараптан алгандан кийинки жакын арада же башка кандай жагдайлар болбосун, 60 (алтымыш) күндөн кечикпей башталат. Бул консультациялар өз ара сүйлөшүү жана кат алышуу жолу менен өткөрүлөт. Аталган консультациялардын жүрүшүндө ар бир Тарап өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талапты ырастоочу жүйө-далилдерди келтирет.
Тараптар өз-ара макулдашуу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болгон тиешелүү протоколдор менен таризделет. Киргизилген өзгөртүүлөр бул Макулдашуунун 15-беренесинин жобосунда көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
13-берене. Пикир келишпестиктерди жакшы ниет менен чечүү
Бул Макулдашууну чечмелөөдө, ишке ашырууда жана практикалык колдонууда келип чыгуучу пикир келишпестиктерди эң алгач Тараптардын саламаттык сактоо министрликтери; акыркы чечимди Тараптардын өкмөттөрүнүн ортосунда жогорку деңгээлде кабыл алат.
Эгерде компромисске келишпей калса, Тараптар бул Макулдашуунун практикалык аткарылышын жарым-жартылай же толугу менен токтотууга укуктуу.
14-берене. Токтотуу
Улуттук коопсуздукка, улуттук кызыкчылыктарга жана жеке коопсуздукка олуттуу коркунуч жаралган учурларда, ошондой эле пикир келишпестиктерди чечүүгө мүмкүн болбогон учурларда, бул Макулдашуунун 13-беренесинде каралган жол-жобого ылайык Тараптардын бирине бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү келген күндөн тартып 60 күн өткөндөн кийин бул Макулдашууну колдонуу толугу менен же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн.
15-берене. Күчүнө кирүүсү жана колдонуу мөөнөтү
Бул Макулдашуу 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуунун негизинде даярдалып, Тараптардын тышкы иштер министрликтери аркылуу жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнүн негизинде ушул Макулдашуунун беренелерине таянып күчүнө кирет, мында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган макулдашуу жокко чыгарылат.
Тараптардын бири биргелешип башкарууну токтотуу ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө мөөнөт аяктаганга чейин алты (6) ай мурда билдирбесе, биргелешип башкаруунун мөөнөтү өзүнөн өзү беш жылдык мөөнөттөргө узартылып турат.
Бул Макулдашуу эки нускада, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, 2024-жылдын "____"-_____________ Бишкек шаарында кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
_____________________________________________________ |
| _____________________________________________________ |
Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
| Кемаль Мемишоглу Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министри |