Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 25 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №32
Гавриловка айыл аймагында суу түтүкчөлөрүн үйлөргө киргизүүдө 15 диаметр трубадан ашпосу боюнча чектөө киргизүү
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Курулуш Ченемдери Курулуштагы ченемдик документтер тутуму Коомдук Имараттар жана Курулмалар жөнүндө нормалардын негизинде жана Гавриловка айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылыштын 25-кезектүү сессиясынын протоколунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагында суу түтүкчөлөрүн үйлөргө киргизүүдө 15 диаметр трубадан ашпосу боюнча чектөө киргизилсин.
2. «Көрктөндүрүү Комбинаты» муниципалдык ишканасынын директору ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Т. Ибраимов |