Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 25 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №33
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.М.Адылбаевдин Жангарач айылынын тургуну Курбатова Г.К. баласына Чынарбек уулу Жакыпка кайрылуусунун негизинде материалдык жардам бөлүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жангарач айылынын, тургуну Чынарбек уулу Жакыпка материалдык жардам катары, Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Т. Ибраимов |