Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 25 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №36
Гавриловка айыл аймагынын №241-контурунда жайгашкан жалпы 20
га жер тилкесин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана жана Гавриловка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштын 25- кезектүү сессиясынын протоколунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын Жангарач айлынын №241-контурунда жайгашкан 20 га жалпы аянты жер участогу, анын ичинде 3,5 га мектеп курулушуна, 16,5 га бакча жана иподром үчүн багытталган жер тилкесин муниципалдык менчике кабыл алынсын.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, жайыт маселелери жана ички чарбалык ирригациялык системалары боюнча адиси муниципалдык менчикке каттоо боюнча жана ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөттүн башчысына М.Ш.Урматовко жүктөлсүн.
Төрага | А.Т. Ибраимов |