Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 25 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №37
Христиандык көрүстөнү Гавриловка айыл өкмөттүн балансынан алып «Көрктөндүрүү Комбинаты» муниципалдык ишканасына өткөзүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамдын негизинде жана Гавриловка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштын 25- кезектүү сессиясынын протоколунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагында №333 контурунда жайгашкан христиандык көрүстөнү Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансынан алып «Көрктөндүрүү Комбинаты» муниципалдык ишканасына өткөзүлүп берсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнө караштуу «Көрктөндүрүү Комбинаты» муниципалдык ишканасынын директору ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Т. Ибраимов |