Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 37-7
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-ноябрындагы Чапаев айылынын Беш-тал бөлүмүнүн тургундарына турак -жай куруу үчүн жер участкасы ажыратып берүү боюнча №181 токтомуно өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизуу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын тургуну Махамаджонов Иброхимжон Икромжонович айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-ноябрындагы №181 токтмунун негизинде Чапаев айылынын Беш-тал бөлүмүндө жайгашкан №2356 контурунан 0,06га.жер участкасын турак жай куруу үчүн алганын, аталган жерге жерге жайгаштыруу иш кагаздарын даярдайын десе, аталган токтомдун №35 сапында техникалык катаачылык кеттирилип, Махамаджанов М. деп жазылып калыптыр, негизинде аты Иброхимжон болот, фамилиясы Махамаджанов, ушул катаачылыкты оңдоп бергиле деп арыз менен айыл өкмөтүнө кайрылган. Айыл өкмөтү маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген. А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы кезектеги XXXVII сессиясы сунушту карап чыгып,талкуулап А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 20-декабрындагы протоколун үйрөнүп чыгып, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн ,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин,талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин,талаптары, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, 47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн талаптары, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 20-декабрында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-ноябрындагы Чапаев айылынын Беш-тал бөлүмүнүн. тургундарына турак жай куруу үчүн жер участкасы бөлүп берүү жөнүндөгү №181 токтомунун №35 сапына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Аталган токтомдун №35 сапында катаачылык менен жазылып калган Махамажанов. М. деген жазуу Махамаджонов Иброхимжон Икромжонович сөзү менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтомдун негизинде ажыратып берилген 0,06га. жер участкасы атуул Махамаджонов Иброхимжон Икромжоновичтин менчигине бекитип берилсин.
5. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынан атуул Махамаджонов Иброхимжон Икромжоновичке бекитип берилген жер участкасын ушул токтомдун №2,3,4–пункуттарынын талаптарынын негизинде каттап берүү жагы суралсын.
6. Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан атуул Махамаджонов Иброхимжон Икромжоновичтин жер участкасынын архитектуралык жерге жайгаштыруу иш кагздарын даярдап берүү жагы суралсын.
7. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
8. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
9. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |