Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-мартындагы № 15/3
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кетмен- Дөбө айылдык кенешинин айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставынын IV главасынын 31 пунктунун негизинде үзүрлүү эмгек жолун эске алуу менен моралдык сыйлоо чараларын көрүү максатында билим берүү иштери боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл аймагынын тургундарынын сунуштары бекитилсин.
2. Айыл аймагынын тургуну айыл чарбасынын отличниги Көксариев Орозбек Борбиевичке “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу салтанатын жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин “Билим берүү саламаттыкты сактоо, улуттук маданий өнүгүү жана жаштар маселелери, массалык спортту жана туризмди өнүктүрүү, этика маселелери”- боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Турсунбаевга тапшырылсын.
5. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | А.К.Жумалиева |