Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-мартындагы № 15/2
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун талкулоо жана кеңештин сунуштарын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун негизинде айылдык кеңеш бекиткен КБФнын жерлеринин ижара акысын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга сунуш кылынсын. (сунуш тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | А.К.Жумалиева |
|
| Тиркеме |