Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы
2021-жылдын 15-феваралы № 38-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дакартарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, оорууларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дакартарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, оорууларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча жеке агроном Ахметжанов Турсунбайдын маалыматын угуп жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы №01-25/184 катын карап, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасыныни 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» №101 мыйзамынын негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп бак-дарактарды дарылоо 3000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгин талааларын дарылоо 2000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы бак-дарактарды бутоо жумуштары 30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акынын өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүнүндөгү жеке агрономдорго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |