Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 14-ноябры ПЖ № 322
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү, инвестициялык макулдашуулардын алкагында милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин иши башталганга чейин:
- административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөртүлгөн айыл аймактарынын, шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү бекитүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот деп;
- административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөртүлгөн шаарлардын мэрлери төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот деп:
жергиликтүү жыйымдарды киргизүү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын керектөө тарифтерин жана ченемдерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү инвестициялык макулдашууларды ишке ашыруу үчүн муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга өткөрүп берүү, кредиттерди алууга макулдук берүү жана муниципалдык менчик объекттерин күрөөгө берүү тартибин бекитүү; жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен тургузулган электр менен жабдуу объекттерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө жана мамлекеттин менчигиндеги жылуулук менен жабдуу объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү; укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү;
жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо, кызмат орундарынан бошотуу жана өргүүлөрдү (эмгек өргүүсү, бала багуу боюнча өргүү, эмгек акы сакталбаган өргүү) берүү;
жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун алардын расмий сайттарында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, көрүнүктүү атайын жерлерде (такталар, стенддер) коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жайгаштыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештердин аппараттарына тапшырма берүү;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын ушул пункттун 1-пунктчасынын экинчи, төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн чечимдери андан ары жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин сессиясында бекитилүүгө тийиш деп;
3) пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында 2024-жылга жергиликтүү бюджеттерди бекиткен шаарлардын мэрлерине алар тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп;
4) ушул пункттун 1-пунктчасынын экинчи, төртүнчү абзацтарында, 3-пунктчасында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш деп.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 21-октябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 89 (3643) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |