Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-ноябры № 699
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелерин - тергөө изоляторлорун кайра жабдуу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин - тергөө изоляторлорунун аймагында түзөтүү мекемелеринин - түрмөлөрдүн курулушу аяктаганга чейин түзөтүү мекемеси - түрмө режиминде убактылуу иштөөчү атайын жайлар түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы үч айлык мөөнөттө:
- тиешелүү мекемелер - тергөө изоляторлору жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;
- тергөө изоляторлорунун аймагында түзөтүү мекемеси - түрмө режиминде убактылуу иштөөчү атайын жайларды жабдысын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |