Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 38 сессиясы
2021-жылдын 15-феваралы № 38-3
А. Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Чапаев айылынын «Коргошун-талаа» бөлүмүндө жайгашкан, 2004-жылдын 26-ноябрындагы №181 токтмунун негизинде ажыратып берилген жер участкасынын башкы планына өзгөртүүлөр жана тоолуктолор киргизүүгө уруксат берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, Коргошун-талаа бөлүмүнүн тургуну Каримов Рустам арыз менен кайрылып, 2004-жылдын 26-ноябрындагы №181 токтомунун негизинде 0,06га. жер участкасы алгандыгын, ал жерди архитектуралык жерге жайгшаштуруу иш кагаздарын даярдатуу үчүн архитектурага кайрылган үчүрда, архитектура башкармалыгы аталган жер участкасынын башкы планы факт жүнүндөгү абалга карата туура эмес чыйылып калгандыктан, турак жайдын планын даярдап берүүдөн баш тарткандыгын, бул катаачылыкты оңдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мыйзамдуу түрдө уруксат алуу керектигин билдирген, ушул катаачылыкты оңдоп берүү сунушу менен айыл өкмөтүнө кайрылган.
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссия, аталган жерге барып,иш жүзүндө абал менен факт жүзүндөгү жер участкасынын жайгашуусун карап чыгып, акикаттан башкы планда Каримов Рустамдин жер участкасы жайгашкан жери туура эмес көрсөтүлгөндүгүн аныкташып, ыйгарым укуктуу орган болгон архитектура башкармалыгынан, башкы планда кеттирилген катаачылыкты оңдоп берүү жагын суралышын белгилешкен.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши Чапаев айылында жайгашкан, Коргошун-талаа бөлүмүнүн тургуну Каримов Рустамга берилген жер участкасы камтылган башкы планга өзгөртүүлөр киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1, 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, Коргошун- талаа бөлүмүнүн тургуну Каримов Рустамга берилген жер участкасы камтылган башкы планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1, 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн талаптары жана Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2021-жылдын 26-февралындагы протоколунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-ноябрындагы №181 токтомунун негизинде, А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, Коргошун-талаа бөлүмүндө берилген жер участкаларынын башкы планынын, атуул Каримов Рустам Мамитжановичке ажыратып берилген 0,06га. жер участкасы камтылган жерине өзгөртүүлөр жана тоолуктоолор киргизилсин.
3. Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан ушул токтомдун №2-пункутунда белгиленген, Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-ноябрындагы №181 токтомунун негизинде Чапаев айылынын Коргошун-талаа бөлүмүндө ажыратып берилген,турак жай куруу үчүн берилген жер участкаларынын башкы планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизип берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
5. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
6. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |