Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 39
Кара-Балта шаарына кошулган райондордогу кварталдардын чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кара-Балта шаарынын мэриясынын 11-сентябрдагы катынын негизинде кварталдык комитеттердин төрагаларынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү максатында Красный Восток айыл аймагынын Калинин айылын, Гидропартия жана Индом участкаларын кошуу , 2024-ж. No 01-5/1426, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарына кошулган райондордогу кварталдык комитеттердин аймактарынын чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
Жөнөтүү: иш кагаздарына, Кара-Балта шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгы
Кеңештин төрагасы М.Дүйшеналиев
Тиркеме
Кара-Балта
шаардык Кеңешинин
№ ______2024-ж
токтому
Кварталдык комитеттердин аймагынын чек аралары
№ п/п | Кварталдын саны | Короо жайлардын саны | Көчө аттары |
35 | № 35 | 370 короо жайы | 370 короо жайы (Жаш Гвардия көч. № 1-41, 2-62, Э.Алыбаев көч. №1-41, 2-62, Салиев көч. №1-9, Достоевский көч. № 1-45, 2-34, Калинин көч. № 1-11, 2-20, Есенин көч. № 1-63, 2-72 , Борбордук көч. № 2 -98, Красновосточный көч. № 1-10, Гагарин көч. № 4-48) |
36 | № 36 | 468 короо жайы | 468 короо жайы (Новая көч. № 1-45, Северная көч. № 4-30, 1-37, Космонавтов көч. № 2-76, 1-161, Э. Алыбаев көч. № 74-176, 93-199 , Б. Закиров көч. № 2-80, 1-79, Борбордук көч. № 102-174, Чапаев көч. № 2- 60, Гагарин көч. № 1-43) |
37 | № 37 | 60 короо жайы | 60 короо жайы (Эмгек проспектиси № 211- 223, Гидропартия) |
38 | № 38 | 26 короо жайы | 26 короо жайы (Үмүт көчөсү номери жок) |
Аппарат жетекчиси Г.Алгожоева