Редакцияот 23.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 39 сессиясы

 

2021-жылдын 23-марты № 39-1

 

А. Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Киров айылынын тургуну Тошматов Умиджон Шахобидиновичтин менчиги болгон 600,0 ч.м.жер участкасын Киров айылынын «Ак-шувак» бөлүмүндө жайгашкан жаңы калктуу конушунда жаңы мечиттин имартын куруу үчүн аталган жер участкасын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну Ташматов Умиджон Шахобидиновичтин Киров айылынын «Ак-шувак» бөлүмүндө жайгашкан идентификациялык коду; 5-05-14-1001-2843 болгон , 600,0 ч.м.турак-жай куруу үчүн берилген участкасынан өз каалосу менен айылдаштарына мечит куруу үчүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө арыз берген. А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы жогорудагы атуулдун демилгесин колдоп, аталган жерди мыйзам негизинде элдердин талабын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. № 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн № 2, 15,17-бөлүмчөлөрүнүн , Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө болгон муниципалдык менчик» жөнүндөгү мыйзамынын №5, №19-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 62-беренесинин 4-пункту, 64-беренесинин 4-пункту , 32-беренесинин 4-пункутуна жана Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 19-мартындагы №50/4 сандуу корутундусунун талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. № 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн № 2, 15,17-бөлүмчөлөрүнүн , Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө болгон муниципалдык менчик» жөнүндөгү мыйзамынын №5, №19-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 62-беренесинин 4-пункту, 64-беренесинин 4-пункту , 32-беренесинин 4-пункутуна жана Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2021-жылдын 19-мартындагы №50/4 сандуу корутундусунун талаптары, А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну Ташматов Умиджон Шахобидиновичтин Киров айылынын «Ак-шувак» бөлүмүндө жайгашкан идентификациялык коду; 5-05-14-1001-2843 болгон 600,0 ч.м. турак-жай куруу үчүн берилген участкасынан өз калоосу менен айылдаштарына мечит куруу үчүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө берген арызы мыйзамдуу түрдө аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну Ташматов Умиджон Шахобидиновичтин Киров айылынын «Ак-шувак»бөлүмүндө жайгашкан идентификациялык коду; 5-05-14-1001-2843 , Мамлекеттик Акты «Ч» №999605 болгон, 600,0 ч.м.турак-жай куруу үчүн берилген жер участкасын жамаатка мечит куруу үчүн, өз калоосу менен укугун токтоткондугуна байланыштуу А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн мунципалдык менчигине алынсын.

3. Жогорудагы мунципалдык менчикке алынган 600,0 ч.м. жер аянтында мечиттин имараты курулуп бүтүрүлгөндөн кейин А.Мирмахмудов атыгндагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

4. Жогорудагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган 600,0ч.м. жер участкасынын жерге жайгаштыруу иш-кагаздарына кирген өзгөртүүлөрдү каттап берүү жагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.

5. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган, Киров айылындагы «Ак-шувак» бөлүмүндөгү мечиттин жаңы имараты курулушу көздөлгөн жер участкасына корутунду жана архитектуралык пландоо шарттарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

6. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

7. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Ч.Инакова жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.

8. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Тохтаев