Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Баку шаары, 2024-жылдын 24-апрели
Мындан ары "Тараптар", ал эми өзүнчө "Тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү жаатындагы колдонуудагы улуттук мыйзамдарын көңүлгө алып,
Билим берүү жана илим жаатында ар тараптуу кызматташууга умтулуу менен,
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар билим берүү жана илим жаатында кеңири, узак мөөнөттүү жана туруктуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн күч-аракетин жумшайт, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Билим берүү мекемелеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
2-берене.
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, эки мамлекеттин ортосунда ийгиликтүү кызматташуу үчүн зарыл болгон билим берүү системасынын түзүмүнө жана уюштурулушуна тиешелүү болгон маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтөт.
3-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринде уюштурулган эл аралык симпозиумдар, конгресстер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жолугушуулар жөнүндө бири-бирине маалымат берет, ушул иш-чаралардын жүрүшүндө берилген илимий баяндамалар менен алмашат.
4-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында окутуучулардын, изилдөөчүлөрдүн, окумуштуулардын жана башка адамдардын анын иш сапарлары менен алмашууну кубаттайт.
5-берене.
5.1. Ар бир Тарап, өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык, өз ара мамиленин негизинде жыл сайын экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарына эки мамлекеттин жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча 5 (беш) квоталык орун берет.
5.2 Кабыл алуу үчүн талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана аларды алдын ала тандоо жол-жоболору жиберүүчү Тарап Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
5.3. Адистиктердин тизмеси Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча макулдашылат. Кабыл алуучу Тарап жыл сайын 1-февралдан кечиктирбестен жиберүүчү Тарапка адистиктердин жана жогорку окуу жайлардын тизмесин жиберет.
5.4. Жиберүүчү Тарап жыл сайын 30-майдан кечиктирбестен окууга талапкерлердин керектүү документтерин тапшырат.
5.5. Кабыл алуучу Тарап жыл сайын 30-июнга чейин көрсөтүлгөн адистиктер боюнча окууга талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө ырастама жөнөтөт.
5.6. Тараптардын мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын киргизүү пландалган талапкерлердин билим деңгээли Тараптардын мамлекеттеринин кабыл алуучу жогорку окуу жайлары тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келүүгө тийиш.
5.7. Кабыл алуучу Тарап жиберүүчү Тараптын мамлекетинин жарандарын акысыз окутат, аларга стипендияларды төлөнүү жана өз улуттук мыйзамдарына ылайык медициналык тейлөөнү, окуунун тиешелүү шарттарын, анын ичинде окуу аудиторияларынын, китепканалардын, лабораториялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, ошондой эле спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерди өз мамлекетинин жарандары үчүн каралган шарттарда пайдаланууга укук берет.
5.8. Тараптар студенттерди жогорку окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.
5.9. Эл аралык жол-жүрүүгө жана виза чыгымдарын жиберүүчү Тарап же окуучу-стипендиаттар төлөйт.
5.10. Тараптар ушул Макулдашууга ылайык өз мамлекеттериндеги окуучу-стипендиаттардын маселелерин чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт.
6-берене.
Тараптар жыл сайын Тараптардын мамлекеттеринин стипендиялык программалары жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алмашып турат.
Тараптар бул мекемелердин кабыл алуу эрежелерине ылайык, экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын окуу жайларына жекече кабыл алууга каршы эмес. Тараптар квалификацияны таануу боюнча колдонуудагы мыйзамдарды эске алып, Тараптардын башка мамлекетте окуган жана окуп бүткөн, өз мамлекеттеринин жарандарын, өз мамлекеттеринин аймагында окуусун улантууда да колдойт.
7-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана Макулдашуунун 8-беренесине ылайык күчүнө кире турган өзүнчө протоколдор менен таризделе турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган датадан тартып күчүнө кирет жана 5 жыл ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири дагы кезектеги мезгилдин колдонулушу аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтпөсө, анын колдонулушу кезектеги беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Баку шаарында 2024-жылдын 24-апрелинде эки нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлгөн, ошол эле учурда бардык тексттер аутенттүү болуп саналат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
__________________________________ |
| __________________________________ |