АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-мартындагы № 19
Акман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 38-беренесине таянуу менен, ошондой эле депутаттардын сунуштарын жана Рахманова Тазагүл Азимжановнанын 2023-жылдын 16-мартындагы №01-13/36 сандуу арызын канааттандыруу максатында Акман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рахманова Тазагүл Азимжановна- айылдык кеңештин депутаты ,өз каалоосу менен айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматынан арызынын негизинде бошотулсун.
2. Анарбек уулу Айдарбек - айылдык кеңештин депутаты VIII- чакырылыштагы Акман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
3. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Тилекеев |