Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 17-мартындагы № 18

 

Жаңы-Жогорку Акман сугат, сел каналын казып, тазалоого даярдалган долбооруна макулдук берүү жөнүндө

 

Акман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 13-мартындагы №01-32/93 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдоо максатында. Базар-Коргон райондук өнуктүрүү фонду аркылуу Акман айыл аймагындагы сугат,сел каналдарын ремонттоо тазалоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акман айыл аймагындагы сел, сугат каналдарын казып,тазалап, ремонттоо үчүн Акман айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү максатында комиссия курамы түзүлсүн.

 

2. Акман айыл өкмөтү тарабынан 10% дан турган өздүк салымын Акман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 75000(жетимиш беш) мин сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Акман айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Тилекеев