Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-ноябры № 180
2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы
Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну
жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1- берене
2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө словак тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 23-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |