А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 39- сессиясы
2021-жылдын 22-марты № 39-3
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Барын айылынын тургуну Маматалиев Жабаралинин жашап жаткан турак жайын менчигине бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын тургуну Маматалиев Жабарали айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылы «А.Наваий» көчөсүндө 1977-жылдан тартып үй-бүлөөсү менен жашап кележаткандыгын, көп жылдардан бери мектепте мугалымдик кесипти аркалап келип,азыркы күндө пенсияда экендигин, жашап жаткан турак жайымды,«кызыл китебин» даярдап, балдарымга мураска өткөрүп берейин десем турак жайым, белгисиз себептер менен системалык катоого кирбей калганын, ошол себептен азыркы күндө жашап жаткан турак жайын мыйзамдаштырып берүүнү сураган. Айыл өкмөтү маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 22-мартындагы кезексиз XXXIX сессиясы сунушту карап чыгып, талкуулап А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2021-жылдын 13-мартындагы протоколу, А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн №58 чарбалык китебинин № 45 бетиндеги жазуу малыматтары, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021-жылдын 16-мартындагы№1400 сандуу архивдик маалыматы, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 4гл. 26-беренесинин 1,2-пункуттарынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, 47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин, талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын 2021-жылдын 13-мартындагы протоколу, А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн №58 чарбалык китебинин №45 бетиндеги жазуу малыматтары, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021-жылдын 16-мартындагы №1400 сандуу архивдик маалыматы, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 4гл. 26-беренесинин 1,2-пункуттарынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, 47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 2 гл. 13-беренесинин,талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын «А.Навоий» көчөсүнүн №10 дареги боюнча жайгашкан, аянты 1500 ч.м. ээлеген жер участкасы атуул Маматалиев Жабаралинин менчигине бекитип берилсин.
3. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынан атуул Маматалиев Жабаралинин менчигине бекитип берилген жер участкасын ушул токтомдун №1,2–пункуттарынын талаптарынын негизинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан атуул Маматалиев Жабаралинин жер участкасынын архитектуралык жерге жайгаштыруу иш кагздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
6. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Ч.Инакова жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
7. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |