КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-августундагы № 9
“Коткор айылынын тургуну Дубанаев Толенбай Курманбековичтин арызы жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 03.07.2023-жылдагы № 01-17/816 сандуу катында көрсөтүлгөн Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылынын тургуну Дубанаев Толенбай Курманбековичтин уулу, маркум, 2022-жылы Баткен окуясында курман болгон Курманбеков Умарбек Толонбаевичтин элеси үчүн иниси Курманбеков Раатбек Толонбаевичке там салуу үчүн жер участка берүү боюнча жазган арызына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылынын тургуну Курманбеков Раатбек Толонбаевичке там салуу үчүн жер участка берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана айыл өкмөттүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |