КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-августундагы № 6
“Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Юсупова Тажихан Абдукагаровнанын арызы жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Юсупова Тажихан Абдукагаровнанын арызына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Юсупова Тажихан Абдукагаровнанын көп жылдык мээнетин эске алып жана ден соолугун чыңдоо максатында 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана социалдык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |