Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-сентябры № 17/1
Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык аймагына караштуу Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасынын башчысынын билдирүүсүн угуп, Чекилдек айылындагы жана Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчаларына жана Туз жана Ара-Көл айылдарындагы ачылып жаткан бала бакчаларына 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга, келечегине шарт түзүү максатында кенже топтогу тайпа ачылууга макулдук берилсин.
Алар:
- Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;
- Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;
- Туз айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15 орун;
- Ара-Көл айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15
орун.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З. А. Козубековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил
|