Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-февралы № 108/24-8
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши жөнүндө” жобону бекитүү
Кара-Көл шаарынын аксакалдар кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.03.2020-жылдагы XXXIX сессиясынын №195/39-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Кара-Көл шаардык мэриясына (Т.Т.Конкобаев) Кара-Көл шаардык аксакалдар кенешинин аталышы жазылган мөөрүн жана штампын алмаштыруу жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын аксакалдар кеңешине (К.Көлбаев), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Ч.А.Кимсанов |
Кара-Көл шаардык кеңешинин
03.02.2023-жылдагы
XXIV сессиясынын
108/24-8 токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин жобосу
1. Жалпы жоболор
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин максаттары жана иш-аракеттери
3. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлүгү, укуктары жана милдеттери
4. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу органдары
5. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башка органдар менен мамилеси
6. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин акча каражаттары жана мүлкү
7. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешин жоюу
1.Жалпы жоболор
1.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин жобосу 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайык иштелип чыккан нормативдик-укуктук акт болуп эсептелет.
1.2. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши-Кара-Көл шаарында туруктуу жашаган жогорку муундун, эмгек ардагерлеринин социалдык-тиричилик жана башка турмуштук маанилүү шарттарын коргоо, ошондой эле алардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо максатында өз алдынча башкаруучулук негизде жана ыктыярдуу башталышта түзүлгөн коомдук бирикме.
1.3. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши өз ишин Кара-Көл шаарынын аймагында жүргүзөт жана төмөндөгү принциптерде жүзөгө ашырат:
1.4. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
1.5. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинде каттоодон өтөт. Эгерде Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши мамлекеттик каттоодон өтсө, юридикалык статуска ээ болот. Аксакалдар кеңешинин аталышы жазылган мөөрү жана штампы болот.
1.6. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин коомдук бирикмесинин аталышы:
-мамлекеттик тилде: “Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши”
-расмий тилде: “ Совет аксакалов города Кара-Куль”
1.7. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, Ленин көчөсү 1а
1.8. Статусу : жергиликтүү
1.9. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин иштөө мөөнөтү чексиз.
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин максаттары жана иш-аракеттери
2.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин негизги максаты:
- ардагерлердин жеке эмгектик укуктарын жана эркиндигин, кызыкчылыктарын, ар-намысын жана кадыр –баркын коргоо жана алардын материалдык абалын, жашоо шартын, медициналык тейлөөнү жакшыртуу маселелеринин чечилишине көмөк көрсөтүү;
- улгайган адамдардын турмуштук бай тажрыйбасын жана акылмандыгын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы ар кандай маселелерди чечүүдө жана жаштарга таалим-тарбия берүүдө колдонуу.
2.2. Алдыга койгон максаттарга жетишүү үчүн Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши төмөндөгүдөй иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:
- Кара-Көл шаарында туруктуу жашаган ардагерлердин социалдык-экономикалык абалын, материалдык жыргалчылыгын, турак жай шарттарын жакшыртууга жетишүү;
- шаар мектептерин шефтикке алып, мектеп окуучулары жана башка шаар ичиндеги окуу жайларынын студенттери менен жолугушууларды өткөрүп, жаштарды тарбиялоо процессине активдүү катышуу менен жаштарды улуу муундарды сыйлоого, гумандуулук, интернационалдык, мекенчилдик идеаларын туу тутууга үйрөтүү, улууларды урматтоонун элдик салтын бекемдөө жана өнүктүрүү, элдердин улуттук жана руханий өнүгүүсүн активдүү колдоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо;
- улгайган адамдардын коомдук жана социалдык жигердүүлүгүн жогорулатуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта иштөө;
- ардагерлердин турмуштук тажрыйбасын жана акылмандыгын, көп жылдык эмгегинде ээ болгон кадыр-баркын жергиликтүү жамааттардын жашоо турмушун уюштурууда, коомдук жакшы кырдаалды жана адептик жагдайды түзүүдө кеңири колдонуу;
- саясий системаны чыңдоону жана өркүндөтүүнү, мамлекеттик структуралардын туруктуулугун жигердүү колдоо;
- Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ардагерлер кеңешинин ишине активдүү катышкан ардагерлерди сыйлыктарга көрсөтүү менен аларга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү;
-Кара-Көл шаарындагы жалгыз бой ардагерлерге колдоо көрсөтүү, алар жөнүндө кам көрүү, аксакалдар кеңешинин материалдык каражаттарына ылайык материалдык колдоо көрсөтүү;
- ардагерлердин катышуусунда өткөрүлүүчү маданий-агартуу жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- коомдук иштерге жана өз алдынча башкаруу иштерине, жаштарды тарбиялоого активдүү катышкан эмгек ардагерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү боюнча сунуштарды шаардык кеңешке жана мэрияга киргизүү.
2.3. Алдыга койгон максаттарды жүзөгө ашырууну материалдык жактан камсыздоо максатында Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши мыйзам тарабынан тыюу салынбаган, жободо аныкталган максаттарга жана милдеттерге, программалык документтерге жана башка актыларга каршы келбеген иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө укуктуу. Бирок ишкердик менен алектенүү, анын ичинде ар кандай кызматтарды көрсөтүү, чарбалык иштерге катышуу коммерциялык пайда көрүү үчүн эмес, жободогу максаттарга жетүү үчүн гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлүгү, укуктары жана милдеттери
3.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин максаттарын жана ушул жобонун талаптарын тааныган Кара-Көл шаарынын 55 жаштан жогорку жаштагы аксакал Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөсү боло алат.
3.2. Жеке жактар жазуу жүзүндөгү арыз менен мүчөлүккө кабыл алынат.
3.3. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары:
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жеке укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин колдоосун колдонууга;
- аксакалдар кеңеши өткөрүп жаткан иш-чараларга жана аксакалдар кеңешинин иши боюнча талкууларга катышууга;
- аксакалдар кеңешинин жетекчилик жана контролдук-эсептик текшерүү органдарына шайланууга жана шайлоого катышууга, ошондой эле жетекчиликтин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө;
- аксакалдар кеңешинин жетекчилигине суроо, арыз менен кайрылууга, аксакалдар кеңешинин иши боюнча сунуштарды киргизүүгө жана өзүнүн кайрылуусуна жооп алууга укуктуу;
- мүчөлүктөн өз эрки менен чыгып кетүүгө.
3.4. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери:
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул жобонун шарттарын аткарууга ;
- өзүнүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша коомдук бирикменин максаттарын жана милдеттерин турмушка ашырууга катышууга;
- аксакалдар кеңешинин жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууга;
- шаар тургундарынын арасында аксакалдар кеңешинин беделин жогорулатууга ;
- аксакалдар кеңешинин кызыкчылыктарына материалдык жана моралдык зыян алып келе турган иш-аракеттерди жүргүзбөөгө.
3.5. Жободо белгиленген өзүнө тагылган милдеттерин аткарбаган жана жобонун талаптарын одоно бузган учурда жана туура эмес жүрүм-турумдары менен аксакалдардын беделин түшүргөн жоосундар үчүн аксакалдар кеңешинин мүчөсү мүчөлүктөн чыгарылышы мүмкүн.
4. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу органдары
4.1.Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн конференциясы;
- шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитети;
- шаардык аксакалдар кеңешинин контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиясы.
4.2. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин эң жогорку башкаруу органы болуп шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн конференциясы эсептелет. Шаардык аксакалдар кеңешинин конференциясына өкүлчүлүк нормасы аксакалдар кеңешинин башкаруу комитети тарабынан аныкталат. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин демилгеси менен же мүчөлөрдүн үчтөн биринин талабы же шаардык аксакалдар кеңешинин контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиянын талабы менен конференция кезексиз чакырылышы мүмкүн.
4.3. Конференцияда чечиле турган маселелер:
- Жобого өзгөртүү киргизүү;
- шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу органдарын түзүү;
-шаардык аксакалдар кеңешинин контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиясынын жана аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин отчетун бекитүү;
-шаардык аксакалдар кеңешинин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана бирикменин мүлкүн түзүү жана колдонуу;
-аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин жана шаардык аксакалдар кеңешинин контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиясынын курамын 3 жылдык мөөнөткө шайлоо жана алардын ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- шаардык аксакалдар кеңешин кайра уюштуруу жана жоюу.
Конференцияга коюлган маселелер боюнча чечим конференцияга катышкан делегаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4.4. Конференциялардын аралыгында шаардык аксакалдар кеңешинин ишмердигине дайыма иштөөчү орган- башкаруу комитети жетекчилик кылат.
4.5. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитети 9 адамдын курамында түзүлөт, 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
4.6. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин курамы аксакалдар кеңешинин курамына мүчө болуп кирген эмгек ардагерлеринин конференциясы тарабынан көрсөтүлөт жана шаардык кеңештин токтому менен бекитилет. Аксакалдар кеңешинин шайланган башкаруу комитетинин курамынын уюштуруу жыйналышында аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин төрагасы, төраганын орун басары, катчысы ачык добуш берүү менен шайланат.
4.7. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитети төмөнкү иштерди аткарат:
-Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин келечекке багытталган пландарын, программаларын иштеп чыгат;
- жобого өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү сунуштарын кароого коет,
-аксакалдар кеңешинин ички регламентин иштеп чыгат жана конференцияга бекитүүгө коет;
-өзүнүн ишмердиги боюнча жылдык отчетторду, финансылык-чарбалык иштери боюнча отчетторду даярдайт, аксакалдар кеңешинин конференциясында отчет, ал эми депутаттардын шаардык кеңешинин сессиясында бир жылда бир жолу маалымат берет.
-Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин фондун түзөт, фондго түшкөн каражаттарды жумшоо багыттарын аныктайт;
-Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитети аткарып жаткан иштери боюнча статистикалык эсеп жүргүзөт.
- шаардык аксакалдар кеңешине мүчөлүккө кабыл алууну жүргүзөт.
4.8. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин жыйналыштары түшкөн материалдарга, зарылчылыктарга жараша өткөрүлөт.
4.9. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин жыйналышы, эгерде аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин жалпы санынын жарымынан көбү катышса, укук ченемдүү болот. Чечим кабыл алууда добуш берүүлөр тең болуп калса, жыйналышка төрагалык кылып жаткандын берген добушу кабыл алынды деп эсептелет. Жыйналыштын чечимдери протокол түрүндө болот. Ага аксакалдар төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган киши жана катчы кол коет.
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
4.10. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин төрагасы кызматы боюнча шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп эсептелинет.
4.11. Шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы башкаруу комитетине баш ийет жана төмөнкү иштерди аткарат:
- аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин жыйналыштарынын ордун, күнүн, убактысын аныктайт;
-жыйналыштарда карала турган маселелерди аныктайт, күн тартибин түзөт жана жыйналышты өткөрөт.
-Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башка юридикалык жактар, жарандар жана ишканалар, уюмдар менен өз ара мамиле түзүүдө аксакалдар кеңешинин кызыкчылыктарын коргойт жана аксакалдар кеңешинин атынан чыгат;
- шаардык аксакалдар кеңешинин финансылык жана чарбалык ишин башкарат;
-бекитилген укуктарына ылайык акчалай мүлктүк каражаттарды жумшайт жана банк мекемелеринде эсеп счетторун ачат;
- шаардык аксакалдар кеңешинин штаттык кызматкерлерин ишке алуу жана бошотуу боюнча буйрук чыгарат;
- шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн сыйлоо боюнча буйрук чыгарат;
- шаардык аксакалдар кеңешинин укуктарын жана кызыкчылыктарын сот жана мамлекеттик органдардын алдында жактайт жана коргоого алат;
- Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы ишин тапшырган учурда бардык документтерди ( чарбалык жана финансылык протоколдорду, чыгыш, кириш журналдарды ж.б.) жаңы шайланган төрагага же төраганын орун басарына акт менен өткөрүп берет;
-шаардык аксакалдар кеңешинин башкаруу комитетинин мүчөлөрү жана төрагасы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана ойдогудай аткарбаса, же башка жакка көчүп кетсе, кайтыш болсо, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылса аны башкаруу комитетинин курамынан чыгаруу боюнча маселе көтөрөт жана шаардык аксакалдар кеңешинин конференциясына башкаруу комитетинин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе коет.
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин, функцияларын төраганын орун басары аткарат.
4.12. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиясы:
-Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиясы аксакалдар кенешинин конференциясында 3 жылдык мөөнөткө 3 кишиден турган курамда шайланат;
- контролдоочу-эсептик текшерүү комиссиясы шаардык аксакалдар кеңешинин чарбалык, финансылык ишине көзөмөл жүргүзөт;
-жылдык отчет жана финансылык, чарбалык отчетторго корутунду түзөт жана шаардык аксакалдар кеңешинин конференциясынын кароосуна коет.
- өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана ойдогудай аткарбаса аксакалдар кеңешинин чогулушунда көпчүлүк аксакалдардын добушу менен комиссиянын курамынан чыгарылат.
5. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин башка органдар менен өз ара мамилеси
5.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешине шаардык кеңеш жана шаардык мэрия материалдык жана техникалык жактан көмөк көрсөтөт.
5.2. Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин аппараты шаардык аксакалдар кеңешинин ишмердигине таандык болгон Кара-Көл шаарынын мэриясынын, Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомдору менен аксакалдар кеңешинин төрагасын тааныштырат.
5.3. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеши аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар кандай тармактарына кеңири тартат.
5.4. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеши коомдун туруктуулугун чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин коомдук жана саясий ишин системалуу түрдө колдойт.
5.5. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеши улууларды урматтоонун элдик салтын бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча иш -чараларды туруктуу өткөрүүгө аракет жасайт.
6. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин акча каражаттары жана мүлкү
6.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин акча каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- ардагерлердин жана шаар тургундарынын ыктыярдуу төлөмдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын жана чет элдик жарандардын жана юридикалык жактардын акысыз жана кайрымдуулук салымдарынан;
- Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши тарабынан өткөрүлгөн лекция, марафон, лотерея жана башка иш-чаралардан түшкөн каражаттардан;
-өндүрүштүк-чарбалык жана башка иш-аракеттерден тапкан кирешелерден;
- мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары бөлгөн каражаттардын эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелерден.
6.2.Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин акча каражаттары төмөнкү максаттарга жумшалат:
-шаардык аксакалдар коомдук уюмунун уставдык максаттарын ишке ашырууга;
-кайрымдуулук максаттарга;
-шаардык аксакалдар коомдук уюмунун аппарат кызматкерлеринин эмгек акысына;
-шаардык аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө;
- шаардык аксакалдар коомдук уюмунун ишин алып баруу үчүн керектелүүчү кеңсе товарларын жана мүлк сатып алууга;
- шаардык аксакалдар коомдук уюмунун социалдык өнүгүүсүнө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул уставга каршы келбеген башка максаттарга.
7. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешин жоюу
7.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши өз ишин эмгек ардагерлеринин чогулушунун чечими жана соттун чечими менен токтотушу мүмкүн.
7.2. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешин жоюу Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин жалпы чогулушунда же сот тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши өзүнүн ишин токтоткондон кийин калган мүлктөр, акча каражаттары аксакалдар кеңешинин чечими менен жоболук максаттар үчүн жумшалат.
7.3. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешин жоюлгандан кийин калган документтер шаардык архивге өткөрүлүп берилет.
Кара-Көл шаардык кеңештин жооптуу катчысы К.И.Нурматова