Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 3-февралы № 109/24-8

Кара-Көл шаарында  жайгашкан географиялык объекттерди атоо жана алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү  тартиби жөнүндө” жобо бекитүү жөнүндө

 

       “Кара-Көл шаарында жайгашкан географиялык объекттерди атоо жана  алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү  тартиби жөнүндө” жобону бекитүү боюнча шаардык кеңештин  мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө,  идеология, дин иштери  боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап чыгып,   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги  XХIV сессиясы

Токтом кылат:

1.“Кара-Көл шаарында  жайгашкан географиялык объекттерди атоо жана  алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү  тартиби жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 23.07.2003-жылдагы XXIX сессиясынын №107/24-3 сандуу токтому  жокко чыгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык мэриясына   (Т.Т.Конкобаев), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин  мандат, регламент, этика, укуктук маселелери  жана коомдук уюмдар, партиялар менен  иштөө,  идеология, дин иштери  боюнча туруктуу  комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.

 

Төраганын  орун басары

 

Ч. А .Кимсанов

 

 

 

 

                                                                                                  Кара-Көл шаардык кеңешинин 

                                                                                        03.02.2023-жылдагы

              XXIV  сессиясынын   

                                                                                               109/24-8 токтомуна тиркеме  

 

Кара-Көл шаарында жайгашкан географиялык объекттерди атоо жана  алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү  тартиби жөнүндө

 Жобо

                                                  I. Жалпы жоболор

    1.1. Ушул Жобо  төмөнкүлөрдү аныктайт жана белгилейт:

-  ушул Жобонун негизги максатын жана милдеттерин;

- географиялык объекттерге (көчөлөргө, бульварларга, парктарга, аянттарга, проспекттерге, аллеяларга, туюк көчөлөргө)  жана шаар ичиндеги башка объекттерге (мекеме-ишканаларга, мектептерге, окуу жайларга  жана башка ушул сыяктууларга) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин жана башкалардын атын ыйгаруу боюнча сунуштоонун   жана алардын атын ыйгаруунун тартибин;

 - географиялык объекттерди атоо  жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо.

   1.2. Кара-Көл шаар  аймагында географиялык объекттерди атоо жана  өзгөртүп атоо жаатындагы маселелерди карап, аттарды ыйгарууда төмөнкү инсандардын ысымдары биринчи кезекте ыйгарылат:

  -  ушул региондо жашаган Улуу Ата Мекендик Согуштун баатырларынын;

  - ушул региондо жашаган Улуу Ата Мекендик Согушта эрдик көрсөткөн   инсандардын;

  - илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн, тарыхый инсандардын;

   -Кара-Көл шаарында жашап өтүп, шаардын өсүп-өнүгүүсүнө  эбегейсиз салым кошкон мамлекеттик  жана өкмөттүк  сыйлыктары бар инсандардын,

  - Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн коргоодо  курман болгон жоокерлердин;

  - эмгектин баатырларынын.

1.3.  Кара-Көл шаар аймагында төмөндөгүдөй географиялык объекттерди жана башка объекттерди:

-аянттарды,  проспекттерди, аллеяларды,  көчөлөрдү, туюк көчөлөрдү,  парктарды , бульварларды жана башка ушул  сыяктуу объекттерди;

- мекеме-ишканаларды, мектептерди, окуу жайларды атоого жана өзгөртүп атоого болот.

1.4. Географиялык обьекттерди атоо жана өзгөртүп атоо, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик   жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү  эске алуу менен  жүзөгө ашырылат.

                              II.   Максаттар жана милдеттер

       2.1.Ушул Жобонун негизги максаты болуп “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-статьясын ишке ашыруу   болуп саналат.

 2.2. Кара-Көл шаарындагы географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоодо жарандарын кызыкчылыгын коргоо жана Кара-Көл шаарынын, областтын, Кыргызстандын  инфраструктурасын, экономикасын, маданиятын, диний илимин, спорттун, билимин, өнүктүрүүгө өзгөчө  салым  кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирүү үчүн  мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин  жана башка инсандардын аттарын түбөлүккө калтыруу ушул жобонун милдети болуп саналат.

III.  Географиялык объекттерге  (көчөлөргө, бульварларга, парктарга, аянттарга, проспекттерге, аллеяларга, туюк көчөлөргө) жана шаар ичиндеги башка объекттерге  көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин жана башкалардын атын ыйгаруу боюнча сунуштоонун  жана алардын атын ыйгаруунун тартиби

3.1 Мекеме-ишканаларга, мектептерге, окуу жайларга жана башка ушул сыяктууларга атоо жана өзгөртүп атоодо тиешелүү министрлик менен макулдашылат.

3.2. Аянттарды,  проспекттерди, аллеяларды,  көчөлөрдү, туюк көчөлөрдү,  парктарды, бульварларды жана башка ушул  сыяктуу объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунуштар мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын чогулуштары,  жергиликтүү жамааттын жашаган жери боюнча чогулуштары, профсоюздук комитеттер тарабынан киргизилет  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлигине- шаардык мэрияга жиберилет.

  Сунушка төмөндөгүдөй  документтер тиркелүүгө тийиш:

1)    жалпы чогулуштун протоколу;

2)    Аты ыйгарылып жаткан инсанды  тааныган же аны жакшы билген 3 адамдын ал жөнүндө пикири;

3)    Мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктары жөнүндө маалымат жана алардын көчүрмөлөрү.

3.2. Мэрия бардык чогултулган материалдарды  Кара-Көл шаардык  кеңешине жиберет.

3.3.  Шаардык кеңешке түшкөн материалдар  шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер, партиялар менен иштөө, идеология,  дин иштери  боюнча туруктуу  комиссиясынын  жыйналышында каралат. Эгерде сунуш жактырылса, туруктуу комиссия бул маселе боюнча шаардык кеңештин сессиясынын токтомунун долбоорун даярдап кезектеги сессияга чыгаруу чечимин кабыл алып, сессиянын күн тартибине киргизүүнү  сунуштайт.

 

3.5.   Географиялык объектилерди атоо жана өзгөртүп атоо боюнча маселе сессияда каралат. Эгерде маселе жактырылса, шаардык кеңештин тиешелүү токтому чыгарылат.

 IV. Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо

4.1. Кара-Көл шаарындагы географиялык объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого чыгымдар шаардык мэрия  менен демилгелөөчү тараптын ортосунда түзүлгөн  эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тараптын эсебинен же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.