Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 4-ноябры № 706-т
Социалдык чөйрөнүн, турак жай-коммуналдык чарбанын, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан экономиканын тармактарынын объекттеринде энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды кеңири пайдалануу, инвесторлор жана ишкердик ишинин ата мекендик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана дем берүү механизмдерин киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын энергия системасында кубаттуулуктун тартыштыгын азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө жергиликтүү жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдү тартуу менен республиканын региондорунда технологияларды жеткирүү, күн панелдерин өндүрүү жана тейлөө менен иштеген биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча конкреттүү долбоорлордун тизмегин аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте:
1) төмөнкүлөрдү караган 2027-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгилге энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) өнүктүрүү программасын иштеп чыксын:
- мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин имараттарында жана курулмаларында, көп кабаттуу үйлөрдө, үй чарбаларында, ошондой эле жанаша жайгашкан аймактарда жана башка ачык аянтчаларда орнотуунун натыйжалуулугун баалоону эске алуу менен чакан кубаттуулуктагы ЭКБ объекттерин жана микрогенерация объекттерин (күн панелдери, күн коллекторлору, чакан фотоэлектр станциялары, шамал генераторлору, чакан гидроэлектр станциялар жана ЭКБны генерациялоо үчүн пайдалануучу башка объекттер) эксплуатациялоого киргизүүнү;
- сапат стандарттарына жооп берген чакан кубаттуулуктагы ЭКБ жана микрогенерация орнотмолорун өндүрүүнү жана импорттоону кеңейтүүгө инвесторлорду тартуу үчүн ченемдик укуктук актылардын механизмдерин жакшыртууну;
- чакан кубаттуулуктагы ЭКБ жана микрогенерация объекттерин орнотууга калктын жана ишкердик субъекттеринин кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн ченемдик укуктук актылардын механизмдерин жакшыртууну;
- аталган максаттарга инвесторлордун каражаттарын, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун алкагында, коммерциялык банктардын жеңилдетилген кредиттерин, эл аралык финансылык институттардын каражаттарын жана гранттык каражаттарды тартуу үчүн ченемдик укуктук актылардын механизмдерин жакшыртууну;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кубаттуулугу 5тен 100 кВт чейин ЭКБ орнотмолорун орнотууну жана пайдаланууну даректүү колдоо үчүн ченемдик укуктук актылардын механизмдерин жакшыртууну;
- ЭКБ орнотмолорун өндүрүү жана пайдалануу үчүн пайдаланылуучу адистештирилген жабдуулардын, техниканын, сырьёнун, запастык бөлүктөрдүн жана комплекттөөчү буюмдардын сапатын техникалык жөнгө салууну, ошондой эле тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу менен аз кубаттуулуктагы ЭКБ объекттерин пайдалануу менен энергия менен камсыздоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнү;
- 2026-жылга карата Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн, ЭКБ пайдалануу менен байланышкан продукциялардын, товарлардын жана жабдуулардын 10%дан кем эмесин милдеттүү тартипте сатып алууну;
- энергияны керектөөнүн деңгээли боюнча имараттарга жана курулмаларга энергетикалык изилдөөлөрдү жана маркалоону жүргүзүү жолу менен энергетикалык натыйжалуулуктун стандарттарынын сакталышын контролдоону камсыз кылууну;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана мамлекеттик үлүш катышкан банк мекемелери менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарында жана курулмаларында (аларга жанаша жайгашкан аймактарда) ЭКБ объекттерин сатып алууга жана орнотууга кызыкдар финансылык институттардын каражаттарын тартсын;
3) кубаттуулугу 100 кВт чейин ЭКБ орнотмосу бар тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөр менен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун (мындан ары -"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК) ортосунда төмөнкүлөрдү караган өз ара эсептешүүлөрдүн төмөнкүдөй тартибин белгилесин:
- бирдиктүү электр системасына берилген жана бир айдын ичинде метрология жана энергиялык коопсуздук стандарттарына ылайык келген ЭКБ орнотмолору бар тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөр керектеген электр энергиясынын көлөмүн эсепке алууну "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын биллинг системасында жүргүзүүнү;
- ЭКБ орнотмолору бар электр энергиясынын тиричилик эмес керектөөчүлөрү менен өз ара эсептешүүнү айдын жыйынтыгы боюнча тармакка берилген жана керектелген электр энергиясынын көлөмүнүн ортосундагы айырманын негизинде жүргүзүүнү.
Эгерде бирдиктүү электр энергетикалык системага 100 кВт чейин кубаттуулуктагы ЭКБ орнотмосу бар тиричилик эмес керектөөчүлөр тарабынан берилген электр энергиясынын көлөмү:
- бирдиктүү электр энергетикалык системадан бир ай ичинде керектелген электр энергиясынын көлөмүнөн ашса, бул ай үчүн керектелген электр энергиясына төлөм "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКта жүргүзүлбөйт. Керектелген жана берилген электр энергиясынын ортосундагы көлөмдөгү айырма мыйзамдарга ылайык белгиленген ЭКБ орнотмолору иштеп чыгуучу электр энергиясына тарифтер боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан сатып алынууга тийиш;
- бирдиктүү электр энергетикалык системадан бир ай ичинде керектелген электр энергиясынын көлөмүнөн аз болсо, ошол ай үчүн электр энергиясына акы төлөө колдонуудагы мыйзамдарда каралган тариф боюнча керектелген жана берилген электр энергиясынын ортосундагы айырмага жараша эсептелет.
ЭКБ орнотмосу бар электр энергиясынын тиричилик керектөөчүлөр менен өз ара эсептешүү тармакта берилген электр энергиясынын кварталдык жалпы көлөмү менен керектелген электр энергиясынын кварталдык жалпы көлөмүнүн ортосундагы айырманын негизинде календардык кварталдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде бирдиктүү электр энергетикалык системага 100 кВт чейин кубаттуулуктагы ЭКБ орнотмолору бар тиричилик керектөөчүлөр тарабынан берилген электр энергиясынын жалпы кварталдык көлөмү:
- бирдиктүү электр энергетикалык системадан календардык кварталдын ичинде керектелген электр энергиясынын жыйынды көлөмүнөн ашса, бир жыл үчүн керектелген электр энергиясына төлөм "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКта жүргүзүлбөйт. Керектелген жана берилген электр энергиясынын ортосундагы көлөмдөгү айырма мыйзамдарга ылайык белгиленген ЭКБ орнотмолору иштеп чыгуучу электр энергиясына тарифтер боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан сатып алынууга тийиш;
- бирдиктүү электр энергетикалык системадан календардык жыл ичинде керектелген электр энергиясынын жыйынды көлөмүнөн аз болсо, ошол жыл үчүн электр энергиясына акы төлөө колдонуудагы мыйзамдарда каралган тариф боюнча керектелген жана берилген электр энергиясынын ортосундагы айырмага жараша эсептелет;
4) керектөөчүлөр электр энергиясы менен камсыздоочу уюмдун электр тармактарына кошууда электр тармактарына кошулуунун техникалык шарттарында жана электр энергиясы менен камсыздоочу контрактта көрсөтүлгөн уруксат берилген кубаттуулуктун чоңдугунан ашпаган кубаттуулук менен ЭКБ объекттерин кошууда кошумча техникалык шарттарды алуу талап кылынбай тургандыгын белгилесин;
5) жеке муктаждыктарына керектелбеген жана менчигинде же ижарасында ЭКБ орнотмосу бар тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөрдөн жалпы электр тармагына берилүүчү электр энергиясын электр энергия менен камсыздоо контрактына кошумча макулдашуу формасында сатып алуунун типтүү келишимин (ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен) иштеп чыксын;
6) аз кубаттуулуктагы ЭКБ жана микрогенерация объекттерин орнотуу жана пайдалануу жолу менен керектөөчүлөрдүн экономикалык пайдага кызыгуусун стимулдаштыруу үчүн ЭКБ орнотмолорун пайдалануунун экономикалык максатка ылайыктуулугу маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында туруктуу негизде чагылдырып турсун;
7) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту менен биргеликте энергияны керектөөнүн деңгээлине ылайык имараттарды жана курулмаларды сертификациялоону (маркалоону) контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле келишимдердин негизинде имараттарды жана курулмаларды энергетикалык изилдөөнү жүргүзүү менен энергиянын натыйжалуулугунун стандарттарын бардык жерде аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде ЭКБ объекттерин долбоорлоо, куруу жана тейлөө маселелерин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду, шаарлардын мэриялары төмөнкүлөрдү түзсүн жана бекитсин:
1) 2026-жылга чейин эксплуатациялоого киргизүү пландалган ЭКБ объекттеринин тизмеги, анын ичинде социалдык чөйрөнүн объекттеринде, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин объекттеринде, көп кабаттуу үйлөрдө, үй чарбаларында курулуп жаткан 100 кВт чейинки кубаттуулуктагы ЭКБ орнотмолору жана микрогенерациялар ("үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөк пулун алган аз камсыз болгон жарандардын үй чарбаларын эске алуу менен);
2) көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлгөн адамдарды жана мөөнөттөрдүн аткарылышын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын электр тармактарына кошуунун графиктери.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бул тескеме күчүнө кирген учурдан тартып жаңы көп кабаттуу үйлөрдү долбоорлоодо жана курууда күн панелдерин алардын чатырдан азыктануусунун эсебин эске алуу менен орнотуу жөнүндө талап киргизсин, ошондой эле архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган коомдук, административдик имараттардын энергияны керектөөсүн 2026-жылга чейин 5%га азайтуу боюнча милдеттүү чараларды көрсүн;
2) имараттарда энергия натыйжалуулуктун минималдуу талаптарынын ченемдерин сактоону жана имараттарды энергия керектөөнүн деңгээлине ылайык маркалоону камсыз кылсын;
3) электр отканаларын (локалдык, ведомстволук, жеке жана жамааттык менчикте турган), ошондой эле жылуулук тармактарын жана ага жанаша инфраструктураны инвентаризациялоо жана төмөнкү предметтерге иликтөө жүргүзсүн:
- ЭКБны колдоочу режимде пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү;
- көмүр жана жаратылыш газы менен айкалышта консервацияланган отканалардын иштөөсүн колдоочу режимде ЭКБны пайдалануу менен кайра баштоо;
- аларга электр энергиясын жылытуу үчүн пайдалануучу турак жай жана турак жай эмес фондунун объекттерин кошуу мүмкүнчүлүктөрү;
4) жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча:
- отканаларда аларды колдоочу режимде пайдаланууну камсыз кылуучу техникалык мүнөздөмөлөрү бар ЭКБ орнотмолорун монтаждоону жана эксплуатациялоого киргизүүнү камсыз кылсын;
- отканаларды колдоочу режимде энергия менен камсыздоо үчүн пайдаланылуучу ЭКБ орнотмолору бар электр отканаларынын (локалдык, ведомстволук, жеке жана жамааттык менчикте турган ж.б.) жаратылыш газын жана көмүрдү айкалышта пайдалануусун камсыз кылсын;
- электр отканаларын отун катары жаратылыш газын жана көмүрдү пайдаланууга, ошондой эле ЭКБны колдоочу режимде өткөрүү боюнча программаны иштеп чыксын;
5) өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен биргеликте:
1) мамлекеттин салымдарын объективдүү баалоону эске алуу менен ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү чарбакер субъектте мамлекеттик катышууну аныктоонун тартибин иштеп чыксын жана механизмдерин киргизсин;
2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент менен биргеликте ЭКБ субъекттеринен электр энергиясын сатып алууга чыгымдардын (тарифтердин айырмасы) ордун толтурууну ыйгарым укуктуу электр энергетикалык компанияга субсидиялоонун тартибин иштеп чыксын жана механизмдерин киргизсин.
8. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө сунушталсын:
1) ишкердик субъекттери өздөрүнө таандык имараттарга жана курулмаларга, ошондой эле субъекттин жеке муктаждыктарына керектелбеген ашыкча электр энергиясын сатуу опциясы менен башка юридикалык жактарга таандык болгон жанаша объекттерге ЭКБ орнотмолорун (күн панелдерин) куруу мүмкүнчүлүгүн карасын;
2) өнөр жайдын (тоо-кен өнөр жайынын, цементти жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн, куюу өндүрүшүнүн, алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн, текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн), айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын энергия сыйымдуу тармактарынын субъекттери өздөрүнө таандык административдик имараттарга жана жанаша аймактарга ЭКБ объекттерин орнотуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
3) калкты тейлөө, коомдук тамактануу жана тигүү өнөр жайы чөйрөсүндө коммерциялык иш менен алектенген ишкердик субъекттери аларга таандык объекттерди энергия менен камсыздоо үчүн пайдаланылуучу трансформатордук подстанциялар балансында болсо, электр энергиясына жана ысык сууга болгон өздүк керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн аларга таандык имараттарга жана жанаша аймактарга ЭКБ орнотуу мүмкүнчүлүгүн карасын.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |