Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-ноябры № 665

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597  токтомунун редакциясына ылайык)

 

Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 18, 20 жана 22-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597  токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 "Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 17-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров