Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-февралы № 110/24-8
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05-мартындагы №143/26-7 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХIV сессиясы
Токтом кылат:
1. “Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05-мартындагы №143/26-7 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин:
- 3-бөлүгүндөгү комиссиянын төрагасы-Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана комиссиянын төрагасынын орун басары-Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын катчысы-Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси деген сөздөр алынып салынсын;
- 3-бөлүгүндөгү Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын өкүлдөрү деген сөздүн ордуна фракция лидерлери же фракция сунуштаган депутаттар деген сөз менен алмаштырылсын.
- комиссиянын уюштуруу жыйналышында комиссиянын төрагасы жана орун басары комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын кеңешинин төрагасына (К.Д.Батыркулов), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Ч. А. Кимсанов |