Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 32- сессиясы
2021-жылдын 6-февралы № 32-1
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Бел айылдык кенешинин (6-чакырылышынын) кезексиз 25-сессиясынын 2020-жылдын 13-мартындагы №25/3 токтому жана ал токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу Бел айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезексиз 26-сессиясында кабыл алынган 2020-жылдын 15-июлундагы №26/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105-токтомунун негизинде , Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 сандуу “Инвестицияларды колдоо боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Бел айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Бел айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезексиз 25-сессиясынын 2020-жылдын 13-мартындагы №25/3 токтому жана ал токтомго өзгөртүү киргизүү үчүн Бел айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезексиз 26-сессиясында кабыл алынган 2020-жылдын 15-июлундагы №26/4 токтому төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:
1. “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 3 даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №6-контурунда жайгашкан жалпы 1009 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун“ Айыл чарба багытындагы “жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга ( трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бел айыл өкмөтүнүн жер адисине (А.Абабакиров) долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дорбаевке тапшырылсын.
Бел айылдык Кеңешинин төрагасы | Бекботоев. Т.М. |