Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 4-ноябры № 708-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Долбоор
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары алардын ар бири - "Тарап", ал эми биргеликте - "Тараптар" деп аталат);
өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде достук мамилелерин жана кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарына, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тынчтыкка жана коопсуздукка өбөлгө түзөрүн таанып,
заманбап коргонуу жана коопсуздук системалары жаатындагы илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен алардын коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон умтулуусун билдирип,
өз ара урматтоо жана өз ара мамиле принциптерин кармануу менен төмөнкү маселелер боюнча макулдашууга жетишти:
I берене. Максаты
Ушул Макулдашуунун максаты коргонуу өнөр жайынын продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн иштеп чыгуу, өндүрүү, жеткирүү, тейлөө жана коштоочу техникалык жана логистикалык колдоо көрсөтүү чөйрөлөрүндө кыйла натыйжалуу кызматташуу аркылуу Тараптардын коргонуу өнөр жайындагы потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү жолу менен Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташууну түзүү болуп саналат.
II берене. Колдонуу жааты
Ушул Макулдашуу Тараптардын ортосундагы же Тараптар жактырган (бекиткен) мамлекеттик же жеке уюмдардын ортосундагы коргонуу өнөр жайы жаатындагы өз ара кызматташуу принциптерин регламенттейт.
III берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Макулдашуу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коргонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
2) коргонуу өнөр жайынын продукциясы жана кызмат көрсөтүүлөрү - коргонуу жана коопсуздук үчүн колдонулуучу куралдардын, инструменттердин, жабдуулардын, системалардын жана платформалардын бардык түрлөрү, алардын запастык бөлүктөрү, чакан системалар, ошондой эле алар менен байланышкан бардык окутуучу жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
3) кызматташуу - мамлекеттердин мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ара пайдалуу негизде ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар жүзөгө ашыруучу иш;
4) жөнөтүүчү тарап - ушул Макулдашуунун максаттарына ылайык персоналды, материалдарды жана жабдууларды кабыл алуучу Тарапка жөнөтүүчү тарап;
5) кабыл алуучу тарап - ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жөнөтүүчү тараптын персоналын, материалдарын жана жабдууларын кабыл алуучу тарап;
6) чакырылган делегация - ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тарап экинчи Тараптын өлкөсүнө жөнөтүүчү жарандар жана/же аскердик персонал;
7) үчүнчү Тарап - ушул Макулдашуунун тараптары болуп саналбаган бардык юридикалык жактар, уюмдар же кайсы болбосун өлкөнүн өкмөтү, же кайсы болбосун мамлекет, же эл аралык уюм же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү;
8) Комиссия - ушул Макулдашууну ишке ашырууну жүзөгө ашыруу үчүн Тараптар түзгөн топ;
9) багуудагы адамдар - биринчи даражадагы туугандар, башкача айтканда энеси, атасы жана балдары, ошондой эле анын жубайы.
Ушул Макулдашууда колдонулуучу башка түшүнүктөр Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
IV берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
Ушул Макулдашууга ылайык Тараптар коргонуу өнөр жайы чөйрөсүндө төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
1. Күч түзүмдөрүнө зарыл болгон коргонуу өнөр жайынын продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түрлөрүн үчүнчү тараптарга түз жеткирүү, иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу.
2. Иштеги системаларды жана платформаларды техникалык тейлөө/оңдоо/модернизациялоо.
3. Тараптардын ортосунда окутуу жана документтерди алмашуу чөйрөсүндөгү технологияларды берүү жана кызматташуунун бардык түрлөрү.
V берене. Ишке ашыруу негиздери
1. Ушул Макулдашууну аткарууга жана ишке ашырууга тиешелүү деталдар Тараптардын мамлекеттеринин ички мыйзамдарында каралган бекитүү жол-жоболорунан өтүүгө тийиш жана бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келген кошумча жана аткаруучу макулдашууларда, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарда, протоколдордо жана контракттарда аныкталат.
2. Тараптар өз мамлекеттеринин коргонуу өнөр жайына тиешелүү маселелерде гана кызматташат. Үчүнчү жактардын кызыкчылыктарынын чөйрөсүнө кирген маселелерди кызматташууга киргизүү Тараптардын өз ара макулдугу менен мүмкүн болот.
VI берене. Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Коргонуу өнөр жайынын катчылыгы.
Тараптардын компетенттүү органдарында өзгөртүүлөр болгон учурда Тараптар 5 (беш) жумуш күндүн ичинде бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдашат.
VII берене. Ыйгарым укуктуу ведомстволор
1. Кыргыз Республикасы тараптан делегацияны Кыргыз Республикасынын коргоо министри же министр тарабынан ыйгарым укук берилген өкүл жетектейт.
Түркия Республикасы тараптан Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Коргонуу өнөр жайы катчылыгынын делегациясын Вице-Президент же Түркия Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген өкүл жетектейт.
2. Коргонуу өнөр жайында кызматташуу боюнча жолугушууларды жана башка жумушчу сапарлар менен иш-чараларды уюштуруу жана координациялоо үчүн жооптуу орган болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Коргонуу өнөр жайы катчылыгынын эл аралык кызматташуу башкармалыгы.
3. Зарылдыгына жараша Комиссиянын курамына Тараптардын мамлекеттеринин Куралдуу Күчтөрүнүн, коргонуу өнөр жайынын мекемелеринин жана ишканаларынын эксперттери кириши мүмкүн.
4. Ыйгарым укуктуу органдар: ушул Макулдашуунун IV беренесинде аныкталган кызматташууну аныктоого жана ишке ашырууга тиешелүү бардык процесстер Комиссия тарабынан өз ара макулдуктун негизинде жүргүзүлөт. Ушул максатта, зарылдыгына жараша иш-аракеттер мамлекеттик кызмат адамдары, илимий кызматкерлер, аскер персоналы жана өз өлкөлөрүндөгү улуттук компаниялардын расмий адамдары менен макулдашылат.
5. Комиссия Тараптар макулдашкан мезгилдүүлүк менен кезектешип чогултулат.
6. Ушул Макулдашууну чечмелөө жана аткаруу боюнча талаш-тартыштар Комиссия тарабынан ушул Макулдашуунун XVII беренесине ылайык Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
VIII берене. Интеллектуалдык жана өнөр жай менчик укуктарын коргоо
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык иштин натыйжаларын Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык укуктук коргоону камсыз кылат.
IX берене. Купуя маалыматты, документтерди жана материалдарды коргоо
1. Тараптар төмөндө келтирилген купуялуулук даражаларынын таблицасында көрсөтүлгөн купуялуулук даражаларынын эквиваленттүүлүгүн жана шайкештигин белгилейт:
РУССКИЙ: | КЫРГЫЗЧА: | TÜRKCE: | ENGLISH: |
СОВЕРШЕННО СЕКРЕТНО | ӨТӨ ЖАШЫРУУН | ÇOK GİZLİ | TOP SECRET |
СЕКРЕТНО | ЖАШЫРУУН | GIZLI | SECRET |
КОНФИДЕНЦИАЛЬНО | КУПУЯ | HİZMETE ÖZEL | CONFIDENTIAL |
ДЛЯ СЛУЖЕБНОГО ПОЛЬЗОВАНИЯ | КЫЗМАТТЫК ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮH (КПҮ) | HİZMETE ÖZEL | RESTRICTED |
НЕ КОНФИДЕНЦИАЛЬНО | КУПУЯ ЭМЕС | TASNİF DIŞI | UNCLASSIFIED |
"Өтө жашыруун" купуялуулуктун даражасы ушул Макулдашууну жүзөгө ашырууда пайда болгон маалыматтар, документтер жана материалдар үчүн купуялуулуктун эң жогорку даражасы деп эсептелсин.
2. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун алкагында алынган купуя маалыматты купуялуулуктун деңгээлинин өзүнүн улуттук классификациясынын даражасына жана жогорудагы таблицада көрсөтүлгөн эквиваленттүү белгилерге ылайык белгилөөгө милдеттенет.
3. Тараптар өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык өз ара кызматташуунун натыйжасында алынган же берилген купуя маалыматты коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт жана бул маалыматты эң аз дегенде өзүнүн купуя маалыматтарын коргогон коопсуздуктун бирдей деңгээлинде коргоону камсыз кылат.
4. Купуя маалыматты алган тарап аны үчүнчү тарапка же башка мекемеге/уюмга тиешелүү маалыматты берген Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз эч кандай формада бербейт.
5. Купуя маалыматты коргоо жана анын ачыкка чыгарылышын болтурбоо жөнүндө Макулдашууда белгиленген милдеттенмелер ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулгандан кийин дагы колдонулушун уланта берет.
6. Тараптардын өз ара кызматташуу процессинде алынган маалыматтын купуялуулук даражасы өз ара макулдашуу боюнча гана аныкталат, өзгөртүлөт же жокко чыгарылат. Эгерде мындай маалыматты берүүгө тийиш болгон купуялуулуктун даражасы жөнүндө макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, Тараптар Тараптардын бири сунуш кылган кыйла жогорку даражага макул болот.
7. Купуялуулук режимин бузган же шек туудурган же ыйгарым укуктуу эмес адамдарга купуя маалыматты ачыкка чыгарган учурда, бузуу же ачыкка чыгаруу болгон же болушу мүмкүн болгон Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык бардык зарыл чараларды көрөт жана экинчи Тарапка бул кырдаал, көрүлгөн чаралар жана алардын кесепеттери жөнүндө токтоосуз маалымдайт.
8. "Өтө жашыруун", "Жашыруун", "Купуя", "Кызматтык пайдалануу үчүн" жана "Купуя эмес" белгилери бар маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби ар бир конкреттүү учур үчүн өз ара макулдашуу боюнча өз-өзүнчө аныкталат.
X берене. Башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын милдеттенмелери
Ушул Макулдашуунун жоболору эки тарап жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан Тараптардын милдеттенмелерине тиешеси жок жана башка мамлекеттердин легитимдүүлүгүнө, кызыкчылыктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган эмес.
XI берене. Юридикалык аспекттер
1. Чакырылган делегация жана алардын багуусундагы адамдар кабыл алуучу мамлекеттин аймагында болгон мезгилде, анын ичинде кирүү, жашоо жана чыгуу мезгилинде, кабыл алуучу мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарын, эрежелерин жана кылмыш юрисдикциясын сакташат. Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин юрисдикциясы колдонулган жана жобонун мазмуну жөнөтүүчү тараптын мамлекетинин мыйзамдарына кирбеген жазаны караган учурларда, Тараптардын мамлекеттеринин макулдашуусу боюнча жазанын түрү колдонулат.
2. Эгерде чакырылган делегациянын же алардын багуусундагы адамдардын бири кармалса же камакка алынса, кабыл алуучу тарап бул тууралуу жөнөтүүчү тарапка дароо маалымдоого милдеттүү.
3. Эгерде чакырылган делегациянын же алардын багуусундагы адамдардын бири Кабыл алуучу тараптын өлкөсүндө юридикалык иликтөөнүн же соттук териштирүүнүн объекти болуп калса, ал адам кабыл алуучу мамлекеттин жарандарына берилгенден кем эмес жалпы кабыл алынган укуктук коргоого укуктуу.
4. Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдары бузулган учурда, чакырылган делегациянын иши ушул Макулдашуунун VI беренесинде көрсөтүлгөн Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан токтотулушу мүмкүн.
5. Жөнөтүүчү тарап кабыл алуучу мамлекеттин аймагында чакырылган делегацияга карата өзгөчө тартиптеги юрисдикцияга ээ.
XII берене. Административдик маселелер
1. Чакырылган делегацияга ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн же кошумча жана аткаруучу макулдашуулар жана жоболор, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар, ушул Макулдашууга ылайык кол коюлууга тийиш болгон протоколдор менен аныкталгандардан башка милдеттер жүктөлбөйт.
2. Зарыл болгон учурда Кабыл алуучу тарап ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдууларды берүүгө аракет кылат.
XIII берене. Финансы маселелери
1. Чакырылган делегациянын визиттеринин убагында Макулдашуунун алкагында Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин өлкө ичинде транспорттук кызмат көрсөтүүсү жана мүмкүн болушунча жайгаштырууну (жашоону) көрсөтүүсү негизги принцип болуп саналат.
2. Иш-чаралар акысыз уюштурулабы же учурдагы же арзандатылган баада болобу Кабыл алуучу тарап өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.
3. Чакырылган делегация Кабыл алуучу тараптын өлкөсүнөн биротоло чыгып кетүүдө өз карыздарын жана багуусундагы адамдардын карыздарын толугу менен төлөөгө милдеттүү.
4. Чакырылган делегация жана алардын багуусундагы адамдар кирүү, болуу жана чыгуу учурунда кабыл алуучу мамлекеттин колдонуудагы салык мыйзамдарына баш иет.
XIV берене. Башка маселелер
1. Жөнөтүүчү тарап эгерде зарыл деп эсептесе, өз персоналын чакыртып алуу укугун өзүнө калтырат. Кабыл алуучу тарап мындай суроо-талапты алганда, персоналдын кайтып келиши үчүн бардык чараларды керүүгө тийиш.
2. Чакырылган делегациянын мүчөсү же багуудагы адамдардын бири каза болгон учурда Кабыл алуучу тарап Жөнөтүүчү тарапка кабарлайт, сөөктү өз өлкөсүнүн эң жакын эл аралык аэропортуна жеткирет жана ал жөнөтүлгөн учурга чейин сөөктүн сакталуусун камсыз кылууга зарыл болгон көмөктү көрсөтөт.
XV берене. Зыян/чыгымдар жана компенсациялар
1. Жөнөтүүчү тарап чакырылган делегация жана алардын багуусундагы адамдар тарабынан Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин мүлкүнө жана кызыкчылыктарына келтирилген зыян үчүн жооп берет.
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө адамдарга, мүлккө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндарга жана чыгымдарга карата, анын ичинде үчүнчү жактардын дооматтарына Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
3. Атайылап жасалган иш-аракеттердин же одоно шалаакылыктын учурларын кошпогондо, мүлктү жана айлана-чөйрөнү жоготууга учураткан же зыян келтирген, ошондой эле персонал кызматтык милдетин аткарып жаткан убакта жаракат алган же каза болгон учурда эч бир Тарап бири-биринен компенсация талап кылбайт.
XVI берене. Бажылык жана паспорттук жол-жоболор
1. Кабыл алуучу тараптын өлкөсүндө чакырылган делегацияга жана алардын багуусундагы адамдарга карата чет өлкөлүктөр үчүн каралган эрежелер колдонулат.
2. Кабыл алуучу тараптын өлкөсүнө кирүүдө жана чыгууда чакырылган делегацияга Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган паспорттук жана бажылык контролдоо жол-жоболору (бажы жыйымдары, салыктар жана алымдар) колдонулат. Мында Кабыл алуучу тарап өз мамлекетинин мыйзамдарынын чегинде мүмкүн болгон бардык административдик жеңилдиктерди берет.
XVII берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана аткарууга байланышкан талаш-тартыштуу маселелерди Тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу чечет. Талаш-тартыштарды чечүү учурунда Тараптар өз милдеттенмелерин аткарууну улантат.
2. Эгерде талаш-тартыш Комиссияда каралгандан кийин 90 күндүн ичинде чечилбесе, бул маселе Кыргыз Республикасынын коргоо министринин жана Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Коргонуу өнөр жайы катчылыгынын президентинин деңгээлинде каралат.
3. Эгерде бул деңгээлде да талаш-тартыш чечилбесе, Макулдашуу токтотуунун белгиленген тартибине ылайык токтотулушу мүмкүн.
XVIII берене. Өзгөртүүлөр
1. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга каалаган убакта өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Макулдашылган өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун XIX беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.
XIX берене. Күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу Тараптар акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган күнү күчүнө кирет, ал аркылуу алар ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине кабарлайт.
XX берене. Колдонуу мөөнөтү жана колдонууну токтотуу
1. Ушул Макулдашуу мөөнөтсүз колдонулат.
2. Тараптардын ар бири каалаган убакта экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө кабарлай алат. Мындай учурда ушул Макулдашуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 90 күн өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
3. Колдонулушун токтотуу жөнүндө жоболор ушул Макулдашууну бузууга чейин демилгеленген жана макулдашылган долбоорлорду, программаларды жана келишимдерди ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
Ушул Макулдашуу кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кандайдыр бир кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Ушул Макулдашууга Тараптар тиешелүү түрдө ыйгарым укук берген төмөндө кол коюучу адамдар тарабынан _____________________ шаарында кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Колу: |
| Колу: |
|
|
|
Аты-жөнү: |
| Аты-жөнү: |
|
|
|
Кызмат орду: |
| Кызмат орду: |