Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 32- сессиясы
2021-жылдын 6-февралы № 32-3
Бел айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштеринекарата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылооиштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызматакынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча жеке агроном Каратаев Асилбектин маалыматын угуп жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы № 01-25/184 сандуу катын карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101-Мыйзамына негиз Бел айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бел айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштеринекарата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылооиштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо 3000,0 сом,1,0га жер аянтындагы эгин талааларын дарылоо 2000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы бак-дарактарды бутоо жумуштары 30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге,ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акынын өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агрономдорго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеңешинин төрагасы | Бекботоев.Т.М. |