Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна) |
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597, 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн документтерди даярдоо тартиби
1. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде, жердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жер мыйзамдары жана Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн негиз болуп жер участогу жайгашкан жер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органына баруу тартибинде, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилүүчү жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын өтүнүчү саналат.
Айыл чарба багытындагы жер участокторун жеке турак жай курууга которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы чыгат.
"Запастагы жерлер" категориясына жана "Запастагы жерлер" категориясынан жер участокторун которууга (трансформациялоого) демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрация мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун жер участокторун пайдалануучулардын макулдугусуз (жер участокторун алып койбостон) бир категориядан экинчисине которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселени төмөнкү учурларда демилгелейт:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүдө;
- калктуу конуштардын чек араларын белгилөөдө же өзгөртүүдө.
4. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат;
- которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунун категориясы жана өлчөмү;
- жер участогун которууга (трансформациялоого) негиздеме.
5. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз ээсинин - жеке жактын инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери;
- жер участогуна болгон укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
– асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, ошондой эле айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодан) тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан, жер участогунун чек аралары, долбоорлонуп жаткан объекттердин жайгашуусу, кирүү жолдору, инженердик коммуникациялар жана коргоо зоналары көрсөтүлгөн жер участогунун эскиздик долбоору техникалык-экономикалык негиздемеси менен.
Техникалык-экономикалык негиздеме төмөнкү принциптерди эске алуу менен иштелип чыгат: көйгөйдү негиздөө жана долбоордун максаттарын түзүү, техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык аспекттерди эске алуу, жеткиликтүү ресурстарды жана каржылоо булактарын талдоо, альтернативдүү чечимдерди баалоо, долбоордун күтүлүүчү натыйжаларын жана натыйжалуулугун болжолдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана долбоорду ишке ашыруунун туруктуулугун эсепке алуу.
Ушул пунктта каралган документтер Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Ушул пунктта каралган документтерди Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алуу мүмкүн болбогон учурда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө берилет.
Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана жаңы калктуу конуш түзүү жөнүндө маселе демилге кылынган учурда, демилгечи - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилген жерлерди жана жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которууну (трансформациялоону) кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программанын көчүрмөсүн кошо тиркейт.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которуу (трансформациялоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан демилге кылынган учурда жер участогунун менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597, 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө арыздарды кароо тартиби
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жер участогуна материалдарды түзүү үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө келип түшкөн арызды коштоочу документтери менен жер участогу жайгашкан жери боюнча кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү филиалына (мындан ары - тиешелүү филиал) жиберет.
7. Тиешелүү филиал курамына төмөнкүлөр кирген жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:
1) арыз, арыз ээсинин – жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
2) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, ошондой эле айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм же мекеме тарабынан иштелип чыккан жер участогунун эскиздик долбоору техникалык-экономикалык негиздемеси менен;
3) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 16-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жерлерди которууда (трансформациялоодо) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасын эсептөөлөр;
4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча жерлердин түрлөрү жана жерлердин контурлары боюнча жерлердин экспликациясы;
5) чек араларын жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;
6) калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө – көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилген жерлерди жана жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которууну (трансформациялоону) кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программанын көчүрмөсү;
7) түшүндүрмө кат;
8) айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин категорияларына которууда (трансформациялоодо) жерлердин кыртыштык-мелиоративдик абалы жөнүндө корутунду;
9) “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын ачык жана кагаз булактарынан алынган картографиялык материалдарды, аянттардын инвентаризациялык ведомостун, жерлердин экспликациясын тиркөө менен корутундусу;
10) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунда пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (маалыматтары);
11) жер участогу буга чейин айыл чарба максаттарында пайдаланылган жана калктуу конушка жакын жайгашкан учурларды кошпогондо, которууга (трансформациялоого) сунушталган жер участогунда курулуш же суу каптоо пландалган учурда, тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
12) сугат айдоону жерлердин башка категориясына которууда (трансформациялоодо) өздүк, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен жерлердин башка категорияларынан жана жерлердин түрлөрүнөн сугат айдоо үчүн бирдей маанидеги аянтты өздөштүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын төмөнкүлөрдү камтыган маалыматы:
– сугат айдоо катары өздөштүрүлүүгө тийиш болгон жер участогунун жайгашкан жерин, чек араларын, аянтын, жерлердин категориясын жана жердин түрүн көрсөтүү менен картографиялык материалдар;
– жерлерди өздөштүрүү жана туруктуу сугарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суу ресурстарынын бар экендиги жана жетиштүүлүгү жөнүндө маалыматтар;
– «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан жерлерди сугат айдоого өздөштүрүү үчүн долбоордук-сметалык документтер;
13) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунун айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүнө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу.
Тиешелүү филиал жерге жайгаштыруу көктөмөсү түзүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу ишин жер участогу жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын кароосуна киргизет.
Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлердин башка түрүнө которуунун (трансформациялоонун) демилгечиси жерге жайгаштыруу көктөмөсүндө зарыл болгон корутундулардын жана маалыматтардын болушун камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597, 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы No 482 токтому менен 7-пункттун 12-пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
8. Комиссия документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш)) жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу (трансформациялоо) мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну жер участогунун материалдары менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрациясына же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселе боюнча комиссия терс корутунду берген учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациясы же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары корутунду чыгарылган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине комиссиянын баш тартуу жөнүндө жүйөлүү корутундусун жиберет.
10. Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлердин башка түрүнө которуунун (трансформациялоонун) демилгечиси жерге жайгаштыруу ишинде зарыл корутундулардын жана маалыматтардын болушун камсыз кылат.
Арыз ээлери жер участогуна материалдарды түзүү менен байланышкан чыгымдарды берилген эсептөөлөргө ылайык ыйгарым укуктуу органдарга төлөйт.
Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында көрсөтүлгөн жер участокторунун жерлердин белгилүү бир категориясына же жерлердин түрүнө таандыктыгы жөнүндө маалыматтар менен жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар болгондо жер участокторун жерлердин белгилүү бир категориясына же жерлердин түрүнө киргизүү жер участокторунун укук ээлеринин арыздары боюнча жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Мында айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, ошондой эле алынбай калган пайданын ордун толтурууну эсептөө кыйла баалуу жердин түрлөрүнө көрсөтмөнү камтыган маалыматтардын негизинде – мындай маалыматтардын (мамлекеттик жер кадастрынын же укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтары) келип чыккан булагына карабастан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жерге жайгаштыруу көктөмөсү келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу (трансформациялоо) мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жерге жайгаштыруу көктөмөсү айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын кароосуна келип түшөт.
Жерге жайгаштыруу көктөмөсү облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын чечими менен тиешелүү облустагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна келип түшөт.
Жерге жайгаштыруу көктөмөсү республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын чечими менен кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосуна келип түшөт.
14. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы жерге жайгаштыруу көктөмөсү ушул Жобонун талаптарына шайкеш келгенде жерге жайгаштыруу көктөмөсү келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде компетенциясынын чегинде жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө же болбосо жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө же которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) жерлердин категориясын жана (же) түрүн өзгөртүү үчүн негиз;
2) жер участогунун жайгашкан жери, аянты жана кадастрдык маалымат;
3) курамына жер участогу кирген, которулганга (трансформацияланганга) чейинки жерлердин категориясы жана түрү, которулгандан (трансформациялангандан) кийин боло турган жерлердин категориясы жана түрү.
16. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан тиешелүү филиалга жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасына жиберилет.
Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда жергиликтүү мамлекеттик администрация аны жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна жиберет.
17. Жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү алар келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн материалдары менен өзүнүн корутундусун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
18. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн берилген материалдарын карайт. Жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн берилген материалдары ушул Жобонун ченемдерине шайкеш келсе, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун тийиштүү долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтөт.
Берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү ушул Жобонун ченемдерине ылайык келбеген учурда жана мамлекеттик органдардын терс корутундулары болгондо, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде аларды толуктап иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясына, облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына кайтарат.
Аныкталган кемчиликтер жоюлгандан кийин, жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен тийиштүү материалдар ушул Жободо белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кайрадан киргизилет.
19. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынбайт.
20. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим ушул Жободо белгиленген тартипте арыз ээсине жиберилет.
3-глава. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө комиссия
21. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы которулуп (трансформацияланып) жаткан жер участогу жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектура жана курулуш, токой чарбасы (токой фондунун жерлеринен же токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш ресурстарынын жерлери категориясына которууда), айыл жана суу чарба, (облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде жайгашкан жер участокторун кошпогондо) саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, транспорт жана коммуникация, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекциянын катышуусу менен туруктуу иштеген комиссияны түзөт. Комиссиянын төрагасы зарылдыгына жараша башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Комиссияны жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, облустук жана республикалык маанидеги шаардын вице-мэри жетектейт.
23. Комиссиянын компетенциясына жер участогун жердин бир категориясынан экинчисине же башка түрүнө которуу (трансформациялоо) мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну берүү кирет.
Жерге жайгаштыруу көктөмөсүндө камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти комиссиянын мүчөлөрү тартат.
24. Комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду комиссиянын төрагасы тарабынан белгиленет.
25. Комиссия анын жыйналышына комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу.
26. Комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү менен комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
27. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүдө калыс болууга укугу жок.
28. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия корутундуну кабыл алат, анда корутунду чыгарылган дата жана жер, маселени караган комиссиянын курамы камтылууга тийиш. Корутундуга төрагалык кылуучу жана комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коет.
281. Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча корутундунун долбоору комиссиянын мүчөлөрүнүн сурамжылоо баракчасына виза коюу жолу менен макулдашылышы мүмкүн, ал корутундунун долбооруна тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Комиссиянын мүчөсү кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал комиссиянын корутундусуна тиркелет.
30. Кызыкдар адамдар корутунду кабыл алынгандан кийин 10 (он) күндүн ичинде комиссиянын корутундусунун көчүрмөсүн алууга укуктуу.
4-глава. Жер участокторун которууга (трансформациялоого) байланыштуу Мамлекеттик жер кадастрына жана Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү
31. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө кабыл алынган чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде тиешелүү филиалга жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасына Мамлекеттик жер кадастрына жана Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жиберилет.
32. Тиешелүү филиал Мамлекеттик жер кадастрына өзгөртүүлөрдү киргизет.
33. Жер участокторун которууда (трансформациялоодо) аларга карата чечим кабыл алынган жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди кайра тариздөө талап кылынбайт. Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет же (укук ээсинин арызы боюнча) жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү жаңы документ берилет.
33¹. Жер участогун которгондон (трансформациялагандан) кийин менчик ээси же жер пайдалануучу үч жылдын ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген жерлердин башка категорияларындагы жана жердин түрлөрүндөгү бирдей аянттагы сугат айдоого өздөштүрүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы No 482 токтомунун 3-пунктуна ылайык, 331-пункт 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
34. Трансформацияланган жер участогу пайдаланылбаган же аны максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, ошондой эле менчик ээси же жерди пайдалануучу үч жылдын ичинде өздүк, зайымдык каражаттарынын жана инвестициянын эсебинен жерлердин башка түрлөрүн сугат айдоого кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүү менен өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда көрсөтүлгөн жер участогу кайталап которуу (трансформациялоо) жол-жоболорун жүргүзбөстөн баштапкы абалына келтирилүүгө тийиш.
Трансформацияланган жер участокторун максаттуу пайдалануунун шарттарын, жаңы жерлерди өздөштүрүүнүн мөөнөттөрүн сактоону жана аларды Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүүнү контролдоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жер участокторун коргоо жана пайдаланууну контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жер участогун баштапкы абалга келтирүү жөнүндө чечимдер жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясына ылайык кабыл алынат жана мамлекеттик жер кадастрына киргизилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597, 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)