Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-ноябры № 679
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) 2-пункттун экинчи абзацы "мыйзам" деген сөздөн кийин "жана башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимде:
- 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамын аныктоо
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өзү иштеп чыккан жана бекиткен квалификациялык талаптардын негизинде контракттык негизде (эмгек келишиминин негизинде) кызматкерди жалдайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жооптуу кылып дайындайт.
5.2. Эмгек келишими боюнча жалданган, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар үчүн жооптуу кызматкердин милдеттери эмгек келишиминде аныкталат.
5.3. Эмгек келишими боюнча жалданган кызматкер келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан жумуштан бошотулушу мүмкүн.";
- 6.9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12.2-пунктчада "Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы)" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 88 (3642) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |